Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.02.2019 08:49 На русском

Жалал-Абадда балдарга кол көтөргөн тарбиячы 3 жылга шарттуу кесилди

Turmush -  Жалал-Абад шаарында балдарга кол көтөргөн №21 бала бакчанын тарбиячысына карата шаардык сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаардык сотунун 2019-жылдын 4-февралындагы өкүмү менен И. кызы Ш. Кылмыш-жаза кодексиндеги 234-берененин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунун негизинде (Бейбаштык, жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо) күнөөлүү деп табылып, 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 3 жылга шарттуу кесилди. Ошондой эле жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына айыпталуучудан 10 000 сом моралдык зыян өндүрүлдү. Өкүмгө карата апелляциялык тартипте даттануу келтирилген жок.

Буга чейин 2018-жылдын 21-ноябрында Жалал-Абад шаарынын тургуну Дилфуза Жаратова милицияга арыз менен кайрылып, ал №21 бала бакчада тарбияланып жаткан 3 жаштагы кызын тарбиячысы урганын билдирген болчу. Анын кызына тарбиячынын кол көтөргөнү видеотасмага түшүп, коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган. Окуядан кийин бала бакчанын жетекчиси, тарбиячысы да жумуштан алынган эле.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин (Жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) негизинде кылмыш иши козголгон эле. Мындан тышкары Жалал-Абад шаарынын бийлиги мектепке чейинки 22 мекеменин кызматкерлеринин квалификациясын текшермей болушкан. Бул үчүн атайын жумушчу топ да түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×