Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.02.2019 20:24

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген 6 жаранга арабалар тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 6 жаранга атайын арабалар тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилген арабаларды мэр Мураталы Тагаев тапшырып, аларга шаардык бюджеттин эсебинен дагы көмөк көрсөтүлөрүн билдирди.

«Азыр бюджетти кароо иштери жүрүп жатат. Шаарыбыздагы жардамга муктаж жана баса албагандарга шаар бюджетинин эсебинен биз да арабаларды алып берүүгө аракет кылабыз. Биз ар дайым сиздерге камкордук кылуу аракетиндебиз», - деди шаар башчысы.

Жалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 1168 адам болсо, алардын ичинен 442си 18 жашка чейинкилер. Ал эми тубаса ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектел 77 жашоочу бар. Аларга өткөн жылы ушундай 9 араба тапшырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×