Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.02.2019 15:19

«Айып пул унаабыздан дагы кымбат»: Кара-Көлдөгү таксисттер нааразы болуп чыгышты

Turmush -  Кара-Көл шаарында 4-февралда таксисттер жарым күндүк жумушун токтотушуп, нааразычылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Таксисттердин айтымында, жаңы жылдан кийин Соцфонд төлөмү менен ыктыярдуу патент төлөмү биригип, айына 1200 сом төлөө алар үчүн оор болууда. Анткени шаардагы жумушсуздардын баары таксист болуп иштешет, арасында пенсионерлер дагы бар. Буга чейин салык кызматынан айына 400 сомго патент алып иштеп келишсе, эми анын кымбатташы эмгектерин актабай жатат.

«Кара-Көлдө 100дөн ашык жеке менчик таксист элди тейлейт. Баарыбыздын жумушубуз жок. Арабызда көп балалуулар бар. Кышкысын үшүп, тоңуп жүрүп акча табабыз. Былтыр өзүбүз барып ыктыярдуу түрдө патент алып иштеп жатканбыз. Азыр 1 литр бензин 42 сом. Шаар ичине күнүнө 10 литрден ашык бензин куябыз. Эгер 1200 сом айына төлөбөсөк, 60 миң сом айып пул төлөнөт деп угуп жатабыз. Биздин унааларыбыз дагы 60 миң сом эмес.

Мындан тышкары, унааны оңдоого жана бензинге кеткен каражаттан тышкары күнүнө тапкан кирешебиз 250 сомду түзөт. Шаарда 10го жакын унаа токтотуучу жай бар. Бизге патенттин баасы 400 сомду түзсө ыңгайлуу эле. Анын баасы жогорулаганына байланыштуу күндүз жол кирени ар бир кишиге 20 сомдон, түнкүсүн 40 сомдон кылууга туура келет. Анда тургундар нааразы болот. Элдин абалын ойлогон адам барбы?», - дешти таксисттер.

Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаардык башкармалыгынын башчысы Темурлан Муратовдун айтымында, ал нааразы болгон таксисттер менен 4-февралда жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Жолугушууда ал ай сайын социалдык төгүмгө 714 сом, ыктыярдуу патентке 400 сом төлөшөрүн билдирген.

«Ушул жылдын 15-январынан тартып өкмөттүн токтомунун негизинде социалдык төлөмдөр, Социалдык фонддун киреше бөлүгү Салык кызматына өткөрүлүп берилди. Ошондуктан шаарда эл ташыган такси ээлерине патенттин суммасы 400 сом, полюстуку 714 сом болот. Патент алганда полюсту да чогуу сатып алуу керек. Бул кадамдар элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында аткарылууда. Анткени мурда тендерлерге тактама алганда же эл салык кызматы жана Соцфондго деп эки мекемеге чуркашат эле. Азыр Соцфонддун төлөмдөрдү чогултуу милдети Салык кызматына жүктөлдү. Социалдык төлөмдөрдү сөзсүз алыш керек жана каттоодон өтпөй иштегендердин тизмесин Финполицияга берүүгө туура келет. Анын айып пулу дагы чоң болот», - деди ал.

Анын айтымында, учурда салык төлөөчүлөрдүн баарына түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Социалдык төлөмдөрдөн 1-2-топтогу майыптар менен пенсионерлер гана бошотулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×