Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусуАксы району 05.02.2019 12:19

Аксынын Авлетим токой чарбасына чырдан кийин жаңы жетекчи келди

Turmush -  Азатбек Маликбеков Аксы районунун Авлетим токой чарбасынын директору болуп дайындалды.

Маалым болгондой, буга чейин аталган токой чарбада бөлүм башчы болуп иштеп келген А.Маликбековдун талапкерлиги ушул жылдын январь айында жамаат тарабынан директорлукка көрсөтүлгөн. Андан кийин Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги тарабынан аны директорлукка дайындоо буйругу чыгарылган.

Буга чейин Авлетим токой чарбасын Замир Батырбеков жетектеп келген. Жергиликтүү активисттер Авлетим токоюнан карагайлар кыйылып жаткандыгын айтып чыгышкан. Кийин токой чарбасы текшерүүгө алынып, анын жетекчиси иштен кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×