Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 05.02.2019 09:38 Жаңыланды: 05.02.2019 17:23

Тагдыр: Эгиз төрөйм деп ойлоп жүргөндө ичине суу толуп кеткенин билген 39 жаштагы М.Темирова операцияга муктаж (видео)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 39 жаштагы тургуну Мунира Темирова акыркы 9 жылдан бери боор оорусу менен жабыркап келет.

Өзүнүн айтымында, ал алгач оор илдетке кабылганын билген эмес. Ичи чоңоюп баштаганда, кош бойлуумун деп сүйүнүп жүргөн. Бирок 9 айдан кийин гана дарыгерге барып, жаман илдетке кабылганын билген.

«1998-жылы Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылына келин болдум. Жолдошум экөөбүз 11 жыл чогуу жашап, бир уул, бир кыздуу болдук. 2009-жылдын ноябрь айларында тишим катуу ооруп, тишимди жулдурдум. Ошондон кийин эле ичим шиший баштады. Мен анын шишик экенине маани бербей, кош бойлуумун деп ойлоп жүрө бердим. Убакыт өтүп, ичим чоңоюп, оорлошо баштады. Мен эгиз төрөйм го деп ойлогом. Жаман нерсе оюмда жок, убакытты эсептеп жүрө бердим. 2010-жылы август айында ооруканага барып, УЗИ аппаратына түшсөм ичиме суу толуп калган экен. Дарыгерлер мага боордун циррозу деген диагноз коюшту. Ошондон бери Ала-Букада, Жалал-Абадда дарыланып жүрдүм. 2011-жылы ичимде эки жерден чурку (грыжа) пайда болду. Ошондон бери бул оорулар менен күрөшүп келем», - деди ал.

Анын айтымында, ал ооруга кабылгандан кийин жолдошу таштап кеткен.

«Катуу ооруп калгандан кийин жолдошум: "Мага оорукчан аялдын кереги жок" деп таштап кетти. Оору менен жалгыз күрөшүп келем. Алты ай сайын Бишкекке же Жалал-Абадга барып дарыланганда ичимдин шишиги азайып, бир аз жакшы болуп калам. Ошондо цехте тигүүчү, кафе-ресторандарда идиш жуугуч болуп иштеп жүрдүм. Кийинчерээк такыр ишке жарамсыз болуп калдым, азыр 5500 сом жөлөк пул алам. Өзүмдүн үйүм жок, эжемдин үйүндө баш калкалоого мажбурмун. Алган пенсиям дары-дармегиме да жетпейт», - дейт ал.

Учурда М.Темированын 18 жаштагы кызы апасын дарылатуу үчүн Түркияда иштеп жатат.

«Учурда кызым Түркияда бала багуучу болуп иштеп жатат. Уулум болсо атасы менен кеткен. Айла жоктон улам кайрымдуу жарандардан жардам сураганга мажбур болуп жатам. Акыркы жолу ооруканага барганыбызда тез аранын ичинде Индиядан операция жасатуу керектигин жана ага 26 миң доллар кетерин айтышкан. Кызым донор болом деп жатат. Бирок азыр операцияга каражат жетишсиз болууда. Айылдагы активдүү жаштар атайын кайрымдуулук кутучасын уюштуруп, жума күндөрү элден каражат топтоп жатышат. Операцияга жетишип калсак экен деп тилек кылуудамын, ансыз да күн сайын абалым оорлоп баратат», - дейт М.Темирова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×