Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Кербен 04.02.2019 19:29 На русском

Видео — 16 жылдан бери жүргүнчү ташыган унаа ичиндеги акча, документтер менен кошо өрттөндү

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарында гаражда токтоп турган «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа ичиндеги акча менен кошо күйүп кетти. Бул унаа Ош—Кербен жолунда 16 жылдан бери каттап келген.

Өзүн Машрап деп тааныштырган айдоочунун айтымында, 23-январда адаттагыдай Ош шаарынан чыккан жүргүнчүлөрдү Кербенге жеткирген. Ошол түнү айдоочу гараждын жанындагы 2 адамдык бөлмөдө уктап жатканда өрт чыгып, өрт өчүрүүчүлөр жеткиче унаа толугу менен күйүп кеткен. Анын ичиндеги 50 миң сом акча жана айдоочуга тиешелүү документтер, ээсинин айдоочулук күбөлүгү кошо өрттөндү.

Өрт унааны жылытуучу жабдыктан чыккан деп болжолдоп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×