Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуАксы району 04.02.2019 17:37

Авлетим айыл өкмөтүндөгү мектептин жаңы имараты 49 млн сомго курулат (сүрөт)

Turmush -  Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндөгү Мукур айылындагы эски мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, К.Алымкулов атындагы мектеп учурда авариялык абалда. Быйыл мектептин 225 орундуу жаңы имараты курулат. Заманбап имаратты куруу үчүн 49 млн сомдон ашык каражат сарпталат.

К.Алымкулов атындагы мектеп 1947-жылы ашар жолу менен курулган. Мектептин чатыры эскирип, авариялык абалда деп табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×