Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 04.02.2019 14:35

11 талапкердин ичинен тандалган Теңирберди Жолдошев Базар-Коргон айыл өкмөтүн убактылуу башкарат

Turmush -  Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл өкмөтүн Жолдошев Теңирберди убактылуу жетектейт. Ал айыл өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп 1-февралда дайындалган.

Т.Жолдошев ушул эле айыл өкмөттүн башчысынын орун басары кызматына жарыяланган сынактан жеңүүчү болуп табылган эле.

Теңирберди Жолдошев

«Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарлыгына 11 талапкер ат салышканбыз. Анын ичинен 8 талапкер сынактан өтүп, жыйынтыгы менен мен 47 упайга ээ болдум. Андан кийин талапкерлерди караган комиссиянын чыгарган чечими менен 84 упай алып, айыл өкмөт башчысынын орун басарлыгына дайындалдым. Учурда айыл өкмөттүн башчысы жок болгондуктан автоматтык түрдө анын милдетин аткаруучумун»,- деди Т.Жолдошев.

Жолдошев Теңирберди Раимбердиевич Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылынын тургуну. Кесиби боюнча токой чарба боюнча инженер. 2001-2004-жылдары Кара-Алма токой чарбасынын башчысынын орун басары болсо, 2005-2008-жылдары Сузак райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгында жер кадастры болуп эмгектенген. Ал эми 2008-2012-жылга чейин Базар-Коргон райондук каттоо кызматында жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы, 2013-2015-жылдары Жалал-Абад шаардык каттоо бөлүмүндө жер кадастры боюнча адис, 2015-2018-жылдары Базар-Коргон райондук каттоо башкармалыгында жер кадастры боюнча адис болуп иштеди. 2012-2016-жылдары Акман айылдык кеңештин депутаты, айылдык кеңештин төрагасы жана райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын төрагасы болуп эмгектенген. Үй-бүлөлүү, 5 уулдун атасы.

Буга чейин Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов Икрам Чолпоновду айыл өкмөттүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган. Ал айыл өкмөттүн башчысынын орун басары дайындалгандыгына байланыштуу жумушун өткөрүп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×