Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 03.02.2019 12:53 На русском

19 жаштагы Рахим апасын сойку деп сабаган атасын бычактап өлтүргөн

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука райондук соту 19 жаштагы Рахимге (ысымы өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иштин материалдарын карап чыгып, чечим кабыл алды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу 2018-жылдын 4-октябрында райондогу айылдардын бириндеги үйүндө 49 жаштагы атасынын көкүрөк тушуна 3 жолу бычак сайган. Андан катуу жаракат алган жабырлануучу ошол күнү көз жумган.

Рахимдин айтымында, ал ошол күнү унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташып иштеп, жумуштан кийин үйүнө барган. Көчөдөн инисине жолугуп, андан атасы апасын сабап, өзүнүн үйүнө кетирип жибергенин уккан.

Рахим үйүнө киргенде атасы мас абалда тосуп алып, сөгүнүп баштаган. Алгач атасын тынчтандырууга аракет кылып, үйүнө кирүүгө жардам берүүнү каалаган. Бирок атасы баш тартып, апасы башка адамдар менен көңүл ачып жүргөнүн айтып, аны тап келүүнү талап кылып баштаган. Ал баш тартканда чапкылап-тепкилегенде токтотууга аракет кылган. Андан кийин үйдөгү тууганынан (байкеси) милиция кызматкерлерин чакырууну суранып, ата-энеси ажырашуусу керектигин айткан. Бирок ал телефонду өчүрүп койгон.

Атасы ага кыйкырып, үй-бүлөнү бузуп жатканын айткан. Ошол учурда аны басып жыгылып, футболкасын айрып, төш тарабын тиштегенге да үлгүргөн. Атасынын алдында калган Рахим дем ала албай, бошонуп чыгуу үчүн буюм издеп жатканда колуна бычак тийген. Бычакты атасына шилтегенде ал Рахимди бошотуп, өзүнүн бөлмөсүнө кирип кеткен.

«Эртең менен көк ала болгон апам келип, атамдын бөлмөсүнө киргенде ал каза болуп калганын айтып кыйкырды», - деди Рахим.

Анын айтымында, атасы арак ичкен маалда апасын, карындаштарын жана инилерин, аны дагы сабап жүргөн. Ал эми апасын сойку деп урушчу. Айыпкер чечүүчү сот отурумунда атасынын туугандарынан кечирим сурап, алардын доосу жок экенин айткан.

Жыйынтыгында сот Рахимди күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыратты. Бул жаза шарттуу деп эсептелип, 3 жылдык сыноо мөөнөтү белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×