Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 01.02.2019 20:51 Жаңыланды: 04.02.2019 12:23 На русском

Майлуу-Суу шаарынын кире бериши кандай болуп өзгөрүшү мүмкүн? (эскиз)

Turmush -  Москва шаарындагы кыргызстандык активисттер Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын кире беришин кайрадан жасалгалоону пландап жатышат. Алар арканы курууга өнөктөш издеп жатышканын аймактык кабарчыга билдиришти.

Москвадагы кыргызстандыктардын «KG-лига» футбол лигасынын жана Кыргыз күрөш федерациясынын президенти Максат Мамбеткуловдун айтымында, шаардын кире беришиндеги арка оңдоп-түзөөгө муктаж.

«Майлуу-Суу шаарынын кире беришинде арка бар. Бирок ал абдан начар абалда. Биз "Майлуу-Суу" коомдук фондун түзгөнбүз. Эми ага мүчө болгон адамдар шаардын кире беришине заманбап арка курууну пландап жатабыз. Өнөктөш катары майлуу-суулук мекендештерди жана жардам бергиси келген адамдарды, ишкерлерди чакырып жатабыз», - деди Мамбеткулов.

Учурда арканын эскиздик долбоору даяр болду. Эгер каржы маселеси чечилсе Майлуу-Суу шаарына заманбап арка курулушу мүмкүн.

Шаардын кире беришинин учурдагы көрүнүшү

Город Майлуу-Суу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×