Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 31.01.2019 17:57 На русском

Майлуу-Сууда кызмат өтөп жатканда токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокердин жакындары эмнеге нааразы? (видео, сүрөт)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында №30295 аскер бөлүктө кызмат өтөп жаткан учурунда токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин окуясы боюнча шаардык соттун чечимине нааразы болуп, жоокерге күнөө артып жаткан аскер кызматкерлеринин аракеттерине жоокердин жакындары нааразы болууда.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, шаардык сот аскер бөлүктүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басарын жана курулуш маселелери боюнча сержантты үч жылга шарттуу кескен. Бул чечимге жоокердин жакындары да макул болушкан. Бирок бул өкүмгө аскер бөлүктүн кызматкерлери ынанбай, окуянын орун алуусуна жоокерди күнөөлөп, облустук сотко даттануу келтиришкени нааразычылык жаратты.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, айыпталуучулар күнөөнү жоокерге оодара салуунун аракетин көрүп жатышат.

«Соттолуучулардын үйлүү-жайлуу экени, мурда соттолбогону эске алынып, 3 жылга шарттуу кесилгенде биз деле ынанганбыз. Шарттуу болсо да үй-бүлөсүн багып, жашоо турмуштарын өткөрө берсин деген ой болгон. Алар эми минтип кылмыш жоопкерчилигинен качышып, «трансформатор аскер бөлүктүн балансында эмес, туура эмес жоопко тартылдык» деп облустук сотко кайрылышууда. Биздин баланста эмес деп жатышат. Анда эмнеге турат аскер бөлүктө? Биз аскер бөлүктүн балансында деп талашып жаткан жокпуз. Трансформатор аскер бөлүктүн короосунда жайгашкан, белги жок, коопсуздук маселеси каралган эмес деп жатабыз. Балансында бар деп эч ким талашкан жок. Бүгүн сот отурумуна келсек, эми жоокер электр чордону жака киргенде мас абалда экен дешип, билгендей айтып жатышат. Биз иликтөө жүргүздүк.

Шаардык оорукананын жетекчиси менен жеке өзүм сүйлөштүм. Ал да: «Бала эки колу күйүк болуп, шок абалда келген. Андан кан ала алган эмеспиз, бирок түтүк үйлөткөнбүз» деп жатат.

Дарыгерлердин толтурулган протоколдорунда эч кандай спирттик ичимдиги ичилбегендиги, кандайдыр бир заттар колдонбогону көрсөтмөдө турат. Соттолуучунун жактоочусу «жоокер ичкен экен, биздин колубузда кагаз турат. Силер тосмо арыз жазып бергиле» деп шантаж кылып жатат. Русландын токко урунуусуна аскер бөлүктөгү сержанттын салган салыгы түрткү болгон. Трансформаторго жез алуу үчүн, аны сатып, 500 сом акчаны салыкка берүү үчүн кирген. Бул жерде аскер өзү күнөөлүү дебешибиз керек, аны ушул кадамга баруусуна мажбурлагандар күнөлүү», - дейт укук коргоочу А.Абдирасулова.

Мындан сырткары, ал 23 жыл мурун ошол эле трансформаторго 12 жаштагы жергиликтүү жашоочу да кирип кетип, эки колунан айрылганын, андагы окуя учурунда аскер бөлүктөгүлөр үчүн сабак болбогонун айтууда.

Жоокердин апасы Венера Сейталиеванын дагы соттолуучулардын аракетине нааразычылыгы бар.

«Баламды айып кылгандар мыйзам алдында жооп берсин. Облустук сот да адилет чечим чыгарып берет деп үмүт кылабыз. Уулум 5 ай ооруканада жатып, 30-декабрда үйгө чыгарып кеттик. Абалы турукташкандан кийин гана колуна протез садырабыз», - дейт апасы.

Анын айтымында, уулу улуу максат менен аскердик кызмат өтөөгө барып, эки колунан айрылып олтурат.

«Балам жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөрдүн окуусунда окуган, аскерге барып келип, кайра окуусун улантуу үчүн кызмат өтөөгө барган болчу. Ал жол көзөмөлдөөчү болуп иштөөнү эңседи эле. Мынтип эки колунан тең ажырап олтурат. Башында 10 күндөй эч ким менен сүйлөшпөй, көнө албай, аябай кыйналды. Андан кийин ооруканада колу-буту жок адамдарды көрүп, араң көндү. Шүгүр, азыр абалы жакшы. Эне үчүн балаңдын амандыгы бакыт», - дейт В.Сейталиева.

Буга чейин Майлуу-Суудагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп, ооруканага түшкөндүгү боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы түшүндүрмө берген.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча 1996-жылы туулган С.Р. нөөмөтүн өтөп жатканда электр көмөкчордондун аймагына кирген. Тыюу салуучу белгиге карабай С.Р. ачык турган трансформатордук будкага кирип, электр тогуна урунган. Күйүк алган жоокер Майлуу-Суу шаарындагы ооруканага жеткирилген. Андан кийин Ош шаарындагы, андан соң Бишкек шаарындагы №4 оорукананын күйүк-жараат бөлүмүнө которулган. Ал жерде анын оң колу чыканакка чейин амплуатация кылынган», - деп айтылган маалыматта.

Кийинчерээк Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова («Ата Мекен») Майлуу-Суу шаарында аскер бөлүктөрдүн биринде кызмат өтөп жүрүп, токко урунуп, эки билегинен ажыраган жоокердин иши боюнча ким күнөөлүү деп табылгандыгына кызыккан.

«1996-жылы туулган Руслан Сапарбаев Агрардык университетте 3-курста окуп жүргөндө аскердик кызмат өтөөнү чечкен. Анткени ата-энесинде анын окуу акысын төлөөгө мүмүнчүлүк жок болгон. Кызмат өтөп жүргөндө ал токко урунуп, анын кесепетинен анын эки билегин кесип салышты. Күбөлөр трансформатор тосулбаганын айтышууда. Менде суроо: «Мындай учурда ким жоопкерчилик тартат? Ким күнөөлүү?», - деген депутат.

Өз кезегинде Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Эрлис Тердикбаев аталган факт боюнча прокуратура тарабынан иликтөө иштери улантылып жаткандыгын айткан.

«Ички түзүм боюнча дагы бизде териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Командир кызматынан алынган. Прокуратура тарабынан иликтөө иштери аягына чыга элек. Бирок, 99%га жоокер өзү күнөөлүү. Ал коопсуздук ченемдерин бузуп, будкага кирген», - деген Э.Тердикбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×