Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 31.01.2019 16:44 На русском

Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 3 адам катуу жабыркады, бири комада (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Ош жолундагы жол кырсыктан 3 адам жабыркады.

Маалым болгондой, жол кырсык 30-январда саат 16:00 чамасында Бишкек—Ош жолунун Кара-Көл шаарынын аймагындагы 365-чакырымында катталган. «Nissan Рrimera» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 08 KG 389 ADP) унаанын айдоочусу П.М. рулду башкара албай, Бишкек—Ош багытында бара жаткан Ж.Артурдун башкаруусундагы «DAF XF95 430» (мамлекеттик номуру 04KG812PD) жүк ташуучу унаанын ортоңку сол дөңгөлөгүн сүзүп, жол четине чыгып токтогон.

Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу П.М. жана анда бара жаткан жүргүнчүлөр — 1997-жылы туулган З.Аида жана Ш.Асылкан денесинен жаракат алып, Кара-Көл шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Бул маалыматты Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан тастыкташты.

Учурда З.Аида жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Ага баш мээсинин жабырланышы, баш сөөгүнүн сынышы деген диагноз коюлган. Ал эми Ш.Асылкан хирургия бөлүмүнө которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×