Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусуТоктогул району 31.01.2019 13:44 На русском

«100 миң сомдук бээни уурдап союшкан»: Токтогулда мал уурдоо үчүн тизме түзгөн кылмыштуу топ кармалды (сүрөт)

Turmush -  Токтогул районунда уурулукка кирүү үчүн алдын ала тизме түзгөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыштуу топ райондогу бир нече мал уурулук фактыларына шектелип кармалды. Иликтөө ишинин жүрүшүндө 3 адамдан турган кылмыштуу топтун курамындагылар уюлдук телефон аркылуу уурулукка кирүү үчүн өздөрүнө схема түзүшкөн. Алар 9 үй-бүлөнү көздөгөнү аныкталып, уурдоо үчүн пландаштырылган тизмелери табылды. Эгер алар учурунда кармалбаганда дагы бир топ үй-бүлөнүн мал-жандыктарын уурдашмак. Азырынча алардын эки жылкы, эки уйду урдоого тиешеси бар экени аныкталды.

«Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну Гүланда Озубекова 20-январда милицияга кайрылып, баасы 100 миң сомдук бээсин уурдап кетишкенин кабарлаган. Токтогул райондук милициясы бул факты боюнча 23-30 жаштардагы үч жигитти колго түшүрдү.

Алар Шайык айылынан уурдалган жылкыны 3 чакырым алыста жайгашкан Кызыл-Өзгөрүш айылындагы колоттун ичинде союп, керексиз ички органдарын калтырып, этин автоунаага жүктөп кетишкен. Алардын дагы башка мал уурулук фактыларына тиешеси бар экени аныкталды. Декабрь-январь айларында Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жергиликтүү тургундун ар бири болжол менен 40 миң сомго бааланган эки уюн, дагы бир адамдын 65 миң сомдук жылкысын, үчүнчү жабырлануучунун 35 миң сомдук кунаажынын уурдап кетишкен.

Мындан сырткары шектүүлөрдүн бири – Нурсултан алдамчылыкка да шектелүүдө. Ал январь айында Токтогул шаарынын тургуну С.Н.нын ишеничине кирип, «Тико» унаасын 50 миң сомго алып, акчасын бербей качып жүргөн. Аталган окуялар боюнча кылмышка далил буюмдар алынып, күбөлөр такталып, алардын башка кылмыштарга тиешеси боюнча да тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда уурулук менен алектенип жүргөн 3 кылмыштуу топ аныкталган. Жалпы 13 адам кармалып, 30 факт уурулук кылмыштарын жасагандыгы аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×