Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 31.01.2019 11:13 На русском

Базар-Коргондо арак сураган бейтааныш адамды өлтүргөн шектүү окуянын чоо-жайын айтты (сүрөт, видео)

Turmush -  Базар-Коргон—Арстанбап жолунун жээгинен жансыз денеси табылган адам киши колдуу болгону ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында ачыкталды.

Базар-Коргон РИИБден алынган маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 24-январында райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Базар-Коргон районундагы Аттокуров көчөсүндөгү аялдаманын жанында жансыз дене жатканы тууралуу кабар келип түшкөн. Аталган жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, бети-башы канжалаган жансыз дене табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында маркум ошол эле райондун Кааба айылынын 1983-жылы туулган тургуну Ш.Максатбек экени такталган.

«Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталды. Бул окуя боюнча шектүү катарында Кызыл-Үңкүр айылынын К.С. аттуу тургуну кармалып, Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бөгөт коюу чарасы тандалып алынды. Алдын ала маалымат боюнча өлтүрүлгөн жаран менен шектүү бейтааныш болушкан, арак ичип отуруп урушуп кетишкен. Кылмышка шектүү таш менен башка коюп, окуя болгон жерден үйүнө кетип калган. Маркум экөө мушташкан жерде жан берген», - деп маалымдалды РИИБден.

Кылмышка шектүү ичимдиктин айынан пикир келишпестик болгонун, экөө уруша кеткенден кийин маркумду таш менен уруп, үйүнө кетип калганын, эртеси өзү милицияга жөнөп жатканда күч органдары үйүнөн алып кетишкенин айтты.

«23-январда райондун борборуна түшкөм. Жумуш менен келип, жумушум болбой калды. Анан бир бөтөлкө сыра ичкем. Андан ары барып пирожки жедим. Жумуш издегенимди адамдарга айткан деле жокмун. Кеч кирип калганда бир дүкөнгө кирдим. Ошол тарапта кызуу абалда бейтааныш эркек адам жүрүптүр. Ал мага «ичимдик алып бересиң» деп кыйнап, 3 жолу граммдалган арак алып бердим. Уруп, тээп кыйнады. Мен да ичип алган элем, экөөбүз жолдо уруша кеттик. Мени тепкенде жыгылып калдым, анан таш менен аны уруп жибергенде колдорум кан болуп калды. Жыгылып жатып калды, барып тыңшасам дем алып жатыптыр. Мен үйгө кетип калдым, канчаларда жетип барганым эсимде жок. Эртеси үйдө жумуштарды бүтүрүп, милицияга жөнөп жатканымда кармашты. Мен анын каза болуп калганын билген эмесмин», - дейт шектүү.

Буга чейин Арстанбап—Базар-Коргон жолунда адамдын жансыз денеси табылганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×