Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуНоокен району 30.01.2019 17:27

Жалал-Абадда өткөн жылы 15 өспүрүм өз өмүрүн кыйган

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 2018-жылы 15 өспүрүм өз өмүрүн кыйган. Бул маалымат жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйында айтылды.

Маалым болгондой, Базар-Коргон районунда 4, Ноокенде 3, Аксы, Токтогул, Чаткал, Ала-Бука райондорунда жана Кара-Көл шаарында 1 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Ал эми 2017-жылы облус боюнча 16 өспүрүм өз өмүрүн кыйган.

Ошондой эле былтыркы жылы жашы жете элек 6 балага зордук-зомбулук жана ырайымсыз мамиле жасалган. Бул фактылардын үчөө Жалал-Абад шаарында, экөө Аксыда, бирөө Тогуз-Торо районунда катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×