Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.01.2019 10:32 Жаңыланды: 31.01.2019 09:19 На русском

Өрттөлгөн завод, 120 миң сомдон маяна, асфальтталган жолдор... Кара-Көлдөгү коллегияда эмнелер талкууланды? (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 25-январда 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, жыйынга мэр И.Еркеев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары М.Акматов, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, мекеме-ишканалардын, коомдук уюмдардын жетекчилери катышты.

Жыйын өкмөттүн облустагы өкүлүнүн ардак грамотасын тапшыруу менен башталды. Анда үзүрлүү эмгеги жана облустун социалдык-экономикалык абалынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Токтогул ГЭСтер Каскадынын коммуналдык ишканалар комбинатынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо бөлүмүнүн башчысы Ажыман Кыдыралиев жана шаардык кеңештин депутаты Зарипа Толубаева сыйланды.

Ал эми Кара-Көл шаардык мэриясынын ардак грамотасы менен 2017-2018-жылдагы билим берүү тармагында жетишкендиги үчүн №3 Фрунзе атындагы орто мектебинин англис тилчи мугалими Дилбара Эсеналиева сыйланды. Ошондой эле шаар башчысы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Токтогул району, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарлары боюнча бөлүмүнүн жаңы дайындалган башчысы Жоомарт Султановду коллегиянын катышуучуларына тааныштырды.

Коллегиянын күн тартибинде шаардын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү программасынын өткөн жылдагы аткарылышы, жыл жыйынтыгы жана аталган программанын быйылкы жылга аткарылышы, иш пландарды бекитүү маселеси каралды.

Мэр И.Еркеев өз докладында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын 2018-жылы ишке ашыруу боюнча Кара-Көл шаары облуста өнөр жай, капиталдык курулуш тармактарында белгиленген көрсөткүчтөргө жетпей калганынын негиздерин айтты.

«Капиталдык курулуш менен өнөр жай тармагын эске албаганда биздин шаар жакшы көрсөткүчкө жетти. Бирок аталган тармактардагы кемчиликтердин жүйөөлүү себептери бар. Мисалы Токтогул ГЭСтер Каскадынын иш планында реконструкцияга жана сууну экспорттоо 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы аз болгон. Мисалы, 2017-жылы 1 млрд 212 млн куб суу иштелип чыккан болсо, 2018-жылы анын көрсөткүчү 522 млн кубду түзгөн. Бирок аталган мекеме иш пландарды 100,1 % аткарышты.

Ал эми Капиталдык курулуш тармагы боюнча 79,7% иш план аткарылып, белгиленген көрсөткүчкө жетпей калды. Мунун себеби Нарын ГЭС, СПЭЦ ГЭМ ишканаларынын курулуш иштери токтоп тургандыгына байланыштуу болуп жатат. Ал иштин көбү капиталдык курулушка тиешелүү эмес, жардыруу жана жерге байланышкан иштер болгон. Ошондой эле былтыр шаарда дагы бул тармакка тиешелүү курулуш иштери аз болду. Жогоруда аталган себептерден улам капиталдык курулуш боюнча белгилеген көрсөткүчкө жетпей калдык. Мындан тышкары, шаардын салык кызматы белгиленген пландан республикалык жана жергиликтүү бюджетти ашыгы менен аткарышты. Социалдык фонд дагы берилген планды жыл жыйынтыгы боюнча ашыгы менен аткарды. Нарын ГЭСтин 2009-жылдан берки Социалдык фонго жана Салык кызматына карызы туундусу менен эбегейсиз чоң болчу. Бирок ошого карабай жыл жыйынтыгында Салык кызматы да, Соцфонд дагы иш пландарын мыкты аткарышты», - деди шаар башчы.

Коллегиянын соңунда өкүлдүн орун басары М.Акматов: «Аймактарды өнүктүрүү жылынын жыйынтыгы боюнча республикалык планды аткарууда облустар арасындагы көрсөткүчтөн 98% менен биздин облус жетпей калды. Бирок облустагы район, шаарлардын ичинен республикалык бюджетти жаап, жакшы жыйынтык көрсөткөн Кара-Көл шаарынын Салык кызматы жана эки район гана чыкты. Мамлекеттик деңгээлде алгылыктуу жакшы иштерден Токтогул ГЭСин кайра калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Эми цемент заводун куруучу жерди трансформациялоо маселеси да өкмөттүк деңгээлде чечилди. Завод курулуп бүтүп калса облуска жана Кара-Көл шаарына жакшы көрсөткүчтөрдү алып келет. Казынага зор салым кошулат. 600-800ге чейин жумуш орундар түзүлөт деп айтылууда.

Мисалы, Тогуз-Тородо курулуп, бүтүп калган заводду өрттөп жиберишти. Чаткалда асфальт болбогон жолдор калган жок. Тоо кен тармагында 120 миң сомдон айлык акы алып, эки маал тамак ичип, автобус менен каттап иштеп жатышат. Бирок ошого да алым сынбай жатышат. Эл түшүнбөй, бут тосуулар көп болууда. Тургундар кенди 50-60 жылдан кийин казбайлыбы деп айтышат. Азыр техниканын өнүккөн убагы. Биз азыр ошол ресурстарды колдонуу менен алдыга жылып, өнүгүшүбүз керек», - деди.

Соңунда токтом кабыл алынып, сунуштар менен толукталып, ар бир кызматкерге милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×