Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 29.01.2019 12:15 На русском

Базар-Коргондогу коллегиялык жыйын: Кайсы жетекчилерге сөгүш берилди? (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунда 28-январда 2018-жылды жыйынтыктоочу коллегия болуп, анда бир топ жетекчилерге эскертүү берилип, кээ бирине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйынга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Мамасылы Акматов, райондун аймагындагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Мында өткөн жылдын жыйынтыгы менен бир нече айыл аймактын башчыларынын ишине сын-пикирлер айтылды. Алардын ичинен Арстанбап жана Талдуу-Булак айыл аймагынын башчыларына эскертүү берилди.

Маалым болгондой, мындан 2 жыл мурда райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин башчысына райондун акими ар бир айыл аймактан 10-15 адамдын үлүш жерлерин бириктирип, кооперативдерди түзүү тапшырмасын берген. Бул боюнча Акман айыл аймагынан «Абдымомун-Ата» кооперативи түзүлгөн. Ал жерде кылкандуу дан эгиндери эгилет. Мындан башка айыл аймактарда түзүлгөн эмес. Мындан улам агрардык өнүктүрүү департаментинин башчысына сөгүш жарыяланды.

Коллегиянын жүрүшүндө жер аянттарын иштетүү, малды асылдандыруу, үрөн чарбасын жакшыртуу, жергиликтүү салыктардын жыйымы, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарындагы көрсөткүчтөр жана башка маселелер каралып, тапшырмалардын аткарылышы боюнча айыл өкмөттөрдүн башчыларына жана тиешелүү мекемелердин жетекчилерине суроолор берилип, жеринде жооптор айтылды. Ал эми райондо 2018-жылда социалдык объектилердин курулуш иштери жүрүп, алардын көпүлүгү пайдаланууга берилген.

Жыйындын соңунда ишиндеги жетишкендиктер үчүн мекеме-ишканалардын айрым кызматкерлери, жеке ишкерлер ардак грамоталар менен сыйланышты. Мындан сырткары райондун өсүп, өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга «Ардактуу атуул» наамдары ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×