Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 29.01.2019 11:28

Базар-Коргондо бет капчан жигиттер эне-баланын оозун скотчтоп, зер буюмдарын, акчасын уурдап кетишти (видео, сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон районунда дүкөн иштеткен жергиликтүү тургундун үйүнө уурулукка кирип, энеси менен кызынын ооздорун скотчтоп, алардын алтын шакек, сөйкөлөрүн, акчасын уурдап кеткен 4 шектүү кармалды.

РИИБдин маалыматына караганда, милиция кызматына Базар-Коргон айылынын 56 жаштагы тургуну Адина Хажиматова арыз менен кайрылган. Ал 21-январда саат 03:00 чамасында уктап жаткан бөлмөсүнө бет кап кийген 20-25 жаштардагы эки жигит кирип келишкенин, аны жана 29 жаштагы кызынын колу-буттарын байлап, ооздорун скотчтоп, алардан акча талап кылышып, үйүн чачышканын айткан.

Үй ээсинин айтымында, алар эне-баланы эле эмес неберелерин да коркутушкан.

«Кызым экөөбүз сыртка чыгып келдик. Андан кийин неберем эшигибизди такылдатып жатышканын айтты, аңгыча эле кирип келишти. Кирип эле акча сурашты, акчам жок экенин айтсам, жүктөрдү бузуп, издеп чыгышты. Дүкөн иштетем, андагы соодадан түшкөн акчаны алып чыктым. Булар менде чоң акча бар деп ойлошкон окшойт. Сөйкө, шакектерибизди чечип бердик. Чоң залга киришти, ал үйдү да аңтарышты. «Кызыма, неберелериме тийбегиле» деп жалынып жаттым. Аларды мага менден ошол күнү 3 миң сом карыз акча алып кеткен адам киргизди окшойт. Анткени бет капчандын бири бирөө менен байланышып: «акча бар дедиң эле го, жок экен» деп айтып жатты. Акчаны, сөйкөлөрдү алып чыгып кетишти. Ошондон бери уйкубуз тынч эмес. Менде алар ойлогондой акча жок. Дүкөндөн бир аз эле тыйын түшүп турат», - деди ал.

Маалым болгондой, үйгө кирген бет капчан жигиттер А.Хажиматованын соода кылган жалпы 4500 сомун алып качып кетишкен. Алар кетери менен үй ээси милицияга кайрылган.

Аталган факт Базар-Коргон РИИБде каракчылык фактысы катары катталган. Бул багытта Жалал-Абад ОИИБдин жана РИИБдин кызматкерлери тарабынан тийиштүү иштер жүрүп, үйгө уурулукка кирген 4 шектүү жаран кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×