Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 29.01.2019 10:16

Базар-Коргондо 5,3 млн сомго оңдолгон сейил бак ишке берилди (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун борборунда жайгашкан парктын ачылышы 28-январда болуп өттү. Ага коомдук жана мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун аты коюлду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылыш аземге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, район акими Айбек Бегимкулов, райондун акдактуу атуулдары, мекеме-уюмдардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маалым болгондой, Базар-Коргон районундагы парк көп жылдан бери кароосуз калган, бүгүнкү күндө ал оңдолуп, бак-дарактар тигилип, айланасы темир менен тосулган.

«Өткөн жылы райондун сейил багын оңдоо үчүн марафон өткөргөнбүз. Ага райондогу жана облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, жеке ишкерлер жана жашоочулар катышып, жалпы 3 миллион сомго жакын каражат топтолгон. Мындан сырткары, Үсөн Сыдыковдун балдары 2 млн 300 миң сом беришкен. Жалпы 5 млн 300 миң сомго райондун сейил багын оңдоого, аймагын тосууга, бак-дарактарды эгип, тазалап, иретке келтирүүгө жана башка социалдык максаттарга жумшалган», - деди аким А.Бегимкулов.

Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ноокен районунун Кыла айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты. 1965-жылы Ноокен районундагы «Арал» совхозунда агроном, 1967-жылдан тарта Лейлек айыл чарба башкармалыгында башкы экономист, бөлүм башчы, 1971-1975-жылдары Кыргызстан КП Лейлек райкомунун инспектору, уюштуручу бөлүм башчы, 1975-1978-жылдары Лейлек райондук аткаруу көмитетинин төрагасы болуп иштеген.

1978-1985-жылдары Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунун 1-катчысы, 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик агро өнөр жай комитетинин төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер советинин төрагасынын орун басары, 1999-жылдан бери КМШ өлкөлөрүнүн Советинде төраганын Кыргызстан боюнча орун басары жана 2005-жылы элдик көтөрүлүштүн мүчөсү болгон.

2005-2006-жылдары Кыргызстандын президентинин администрациясынын жетекчиси, ушул эле жылы президенттин мамлекеттик кеңешчиси болгон. 2008-жылдын 2-декабрында отставкага кеткен. 2010-жылдын 14-майында Ү.Сыдыков УКМК тарабынан Жалал-Абад жана Оштогу баш аламандыктарды уюштурууга шектүү делип кармалган. 2010-жылдын июль айында сот тарабынан ал камактан бошотулуп, үй камагына чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×