Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусуНоокен району 26.01.2019 15:25

Жалал-Абад шаарынан уурдалып кеткен унаа Ноокенден табылды (сүрөт)

Turmush -  22-январдан 23-январга караган түнүн Жалал-Абад шаарынан уурдалып кеткен унаа Ноокенден табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын тургуну Жаныбек Жуманазаровго таандык ак түстөгү «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унааны белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкен.

«Анын кайрылуусу Жалал-Абад ШИИБ тарабынан каттоого алынып, багыттама берилген. Ыкчам иликтөөлөрдүн негизинде унаа Ноокен РИИБ боюнча ЖКККБнүн издөө боюнча тескөөчүсү М.Өскөнбаев тарабынан Ноокен районунун Кара-Булак айылында мал сарайдын артынан табылган. Унаанын тетиктерин чыгара баштаган абалда табылган. Азыркы учурда бул кылмышка шектелгендер изделүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×