Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусуСузак району 24.01.2019 10:57

Кербен шаарында «Мерседес-Бенц» өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 24-январда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абаддагы Аксы районунун Кербен шаарында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа жана анын жанындагы кароолкананын 2 чарчы метр шыбы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Сузактагы Атабеков айыл аймагынын Ширин айылында турак үйдүн 58 чарчы метр чатыры, 40 чарчы метр шыбы жана буюмдар күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×