Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.01.2019 10:23

Базар-Коргондо жолдун жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылды (сүрөт)

Turmush -  Базар-Коргон—Арстанбап унаа жолунун жээгинен 40-50 жаштардагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Күбөнүн айтымында, жеринде тез жардам кызматынын фельдшери, тергөөчүлөр иш алып барууда.

Ал эми Базар-Коргон райондук биргелешкен ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн маалымдашкандай, аларга 24-январда саат 09:05те Кеңеш айыл өкмөтүнүн Совет айылындагы Аттокуров көчөсүндө белгисиз эркек кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат түшкөн.

«Фельдшерлер барган учурда киши үзүлүп, кулагынан жана мурдунан кан кетип калган экен. Алар милицияга кабарлап, денени өткөрүп беришкен. Мурдунан, кулагынан кеткен канга караганда ага катуу сокку болушу мүмкүн. Бул тергөөнүн жана текшерүүнүн жүрүшүндө билинет», - деп билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×