Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 23.01.2019 18:21 На русском

Бишкек—Ош жолунда тосмону талкалаган кран жардан кулап кетти (сүрөт, видео)

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 393-чакырымында автомобилдик кран бетон тосмону бузуп, жолдон 100 метр алыс жайгашкан жардан кулады. Жол кырсык бүгүн, 23-январда саат 14:00 чамасында болгон.

Turmush басылмасына маалым болгондой, курулуш компаниясына тиешелүү унааны Ноокен районунун Курулуш айылынын 1989-жылы туулган тургуну М.Расул башкарып бара жаткан.

Болжолдуу маалымат боюнча, бурулуштан крандын токтоткучу иштебей калып, айдоочу рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен унаа тосмону талкалап, жардан кулап кеткен. Жол кырсыктан кийин айдоочу Кара-Көл шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилди.

Бул факты боюнча ИИБ текшерүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×