Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 22.01.2019 09:28

Жалал-Абадда биринчилерден болуп Балта-Казы айылында калктын социалдык абалы жөнүндө маалымат базасы түзүлдү (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад дубанында биринчилерден болуп Сузак районуна караштуу Атабеков айыл аймагынын Балта-Казы айылында калктын социалдык абалы жөнүндө маалымат базасы түзүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, жеринде эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартовдун, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабековдун катышуусунда маалымат берилди. Акимдер менен мэрлерге да мисал катарында көрсөтүлдү.

Маалым болгондой, анда айылдын тарыхы, мигранттардын балдары жөнүндө маалыматтар камтылган.

Балта-Казы айылы 1937-жылы түптөлгөн. Азыркы тапта анда 170 түтүн эл бар. Калктын саны 942, алардын 504үн аялдар, 438ин эркектер түзөт. Жашы жете элек балдардын саны 372 болсо, кары-картаңдар 57ге барат. Айылда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жашоочулардын саны 16 адамга жетет. Элеттеги аз камсыз болгон 17 үй-бүлө бар болсо, анда 45 бала тарбияланат.

Ата-энеси миграцияда жүргөн үй-бүлөдө тарбияланып жаткан балдар да эске алынган. Андай шартта 3 бала тарбияланып жатат. Аймак боюнча 142 адам жумушсуз.

Бир топ жагдайлар эске алынган тизмени түзгөн айыл башчыга ыраазычылык айтылып, бул колдонмону жайылтуу зарылдыгы айтылды. Ырысбек Ызабеков аким-мэрлерди мындай ишти башка аймактарга да жайылтууну колго алуу зарылдыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×