Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 21.01.2019 18:11

Жалал-Абадда мыйзамсыз сакталган онго жакын курал чогулду

Turmush -  Милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында бир жума ичинде эле ондон ашык ок атуучу куралдар табылды. Аларды ээлери өз ыктыяры менен өткөрүп жатышат, деп маалымдайт ИИМдин басма сөз кызматы.

Жашоочулардын өз эрки менен Жалал-Абаддагы Ала-Бука РИИБге 2 сайсыз ок атуучу курал, Аксы РИИБге 4 ок атуучу курал, Сузак РИИБге 1 ок атуучу курал тапшырылды. Ошондой эле Таш-Көмүр ШИИБге, Базар-Коргон РИИБге бирден ок атуучу курал берилсе, Чүйдөгү Сокулук РИИБдин кызматкерлери белгисиз үлгүдөгү тапанчаны өткөрүп алышты.

Ээлик кылбаган ок атуучу куралдарды сактоого, колдонууга Кыргыз Республикасынын мыйзамы уруксат бербейт жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган. Мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды өз эрки менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×