Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусуСузак району 21.01.2019 16:11

Сузактын Сафаровка айылында митинг өттү. Элдин нааразычылыгы эмнеде? (видео)

Turmush -  Бүгүн, 21-январда Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагынын Сафаровка айылынын жашоочулары өз айылында нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар аталган айылдагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мурунку балдар үйү, азыркы окуу комплексинин объектисин бүлүндүрбөө талабы менен чыгышты.

Айылдагы балдар үйү 2018-жылы жоюлуп, анын ордуна окуу-тарбия комплекси уюштурулган. Уюшулганына жыл боло элек компекстин жоюлушуна жергиликтүүлөр нааразы болушуп, 2018-жылдын 27-декабрынан бери 9 жолу жыйналышты. Тургундар комлпекс жеке тараптарга менчикке берилип кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат.

«Жаңыдан уюшулган база элге керек. Мында кыздар тигүүчүлүктү, балдар ширетүүчүлүктү үйрөнгөнгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Шаарга барып билим ала албаган шартта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк болчу. Бул объектинин жоюлушуна жогорку тараптагы үч адам кызыкдар болуп жатат. Бүгүн өлкө башчысына биздин депутаттар киришет, биздин көйгөйдү угат деп ишенебиз», - дешет жергиликтүүлөр.

Ошондой эле алар комплекстин балансындагы жерлер, Кара-Алмадагы лагерге да көз арткандар бар экенин айтып, бул кадамга жол бербөө талаптарын коюшууда. Жашоочулар комплекс жеке кызыкчылыктардан улам жоюлуп жатат деп нааразы болушту.

Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу тарбия комплексине байланыштуу нааразычылык акциясына чыккан жашоочулар 3 сааттан ашык өз талаптарын айтышып, тарап кетишти. Алар плакатка «Комплекс элге калсын», «Комплекс балдардын келечеги!», «Аким кетсин!», «Назарова кетсин!» деп жазып алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×