Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Жалал-Абад облусуСузак району 18.01.2019 11:53 На русском

Сузакта терезеси жабыркаган «Nissan X-Trail» унаасынын айдоочусу кар ыргыткан эки окуучуну сабап, багажга салып кеткен (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ур-токмокко алынган эки окуучу ооруканада дарыланууда.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 14-январында Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн Сафаровка айылында катталган. 13 жаштагы Байэл жана 15 жаштагы Эрбол аттуу балдар жол боюнда кар менен ойноп жатышып, жолдон өтүп бараткан унаанын терезесине тоголоктолгон кар ыргытышкан. Ачуусу келген айдоочу өспүрүмдөрдү чакырып, ур-токмокко алып, унаанын жүк салуучу бөлүгүнө мажбурлап салып, үйүнө алып кеткен.

Айдоочу үйүнөн апасы менен уулун салып, балдарды милицияга тапшырарын айтып келе жатышканда, балдар ата-энелерине кабар беришкен. Алар жолдон унааны токтотушканына карабай жолун улаган. Балдардын ата-энелери артынан кубалап барып, балдарын алып калышкан. Балдар азыр Октябрь аймактык ооруканада дарыланышууда.

Жабыркаган балдардын бири Эрболдун айтымында, кол көтөргөн Таир аттуу жигит милиция кызматкери экенин айтып, аларды коркутууга алган.

«Мен 14-январда саат 19:30 чамасында ата-энемден суранып, муз тебүүгө баргам. Ал жактан 20:30 чамасында үйгө кайтып келе жатканда Байэл деген кошуна иним жана досторум менен жол четинде кар тоголоктоп, бири-бирибизге ыргытып ойноп келе жатканбыз. Бир учурда мен ыргыткан кар жолдо келе жаткан «Nissan X-Trail» үлгүсүндөгү унаага тийип кетти. Айдоочусу жол четине токтоп, инимди чакырып, ага кол көтөрүп, бетин канжалатып салды. Мен барсам мага да кол көтөрүп, унаанын жүк салуучу бөлүгүнө салып, бекитип салды.

Жерге-Тал деген айылга бир үйгө бардык. Үйгө барып, муздак суу менен бетибизди мажбурлап жуудурду, андан соң унаанын багажында отурган Байэлдин бети-башын жууп, кайра апасы менен уулун унаага салып, жолго чыктык. Жол бою кечирим сурап, үйүбүздөн түшүрүп коюуну өтүндүк, бирок ал милицияга өткөрүп берерин, Жалал-Абад ОИИБде таякеси иштерин жана бардык чыгымдарды эки эсе өндүрүп ала турганын айтты.

Жолдо келе жатканда мен атама байланышып, окуяны айтып, унаанын номурун, үлгүсүн айттым. Айылдын кире беришине жеткенде атам жолдо туруптур, бирок айдоочу токтобой, биздин сөзүбүздү укпай өтүп кетти. Атам өзүнүн унаасы менен кууп жетип, айылдын этегинен араң токтотуп калууга жетишти. Атамдар тоскондо аларга каршылык көрсөтүп, аларга да кол көтөргөнгө аракеттенди», - деди 15 жаштагы Эрбол.

Жабыр тарткан өспүрүмдөрдүн экинчиси — 13 жаштагы Байэл айдоочунун ур-токмогунан чекеси жарылып, унаанын жүк салуучу бөлүгүндө бети-башы канжалап отурганын кошумчалады.

Ал эми Эрболдун апасы Зымырат Сагымбаева милицияга арыз жазганы менен эч кандай реакция болбой жатканын айтып, айыптуу тарап тааныштары аркылуу ишти жаптырып салат деп кооптонууда.

«Окуя болгон күнү жолдошум балдарды алып, Октябрь айылындагы милиция бөлүмчөсүнө барган учурда, алар Сузак РИИБге жөнөтүшүптүр. Кийин арыз жазып кайрылса, балдарга кол көтөргөн тарап кайра жолдошумдун үстүнөн апасын, баласын урганын айтып, арыз берип коюптур. Азыр эч кандай иш жүрбөй жатат. Бүгүн милицияга чакырган экен, айдоочунун апасы: «кКалаган жериңе барып арыздан, биздин тааныштарыбыз көп, баары бир чыгып кетем» деп айтыптыр. Эмнеге өспүрүмдөрдү ургандарга, балдарды унаанын жүк салуучу бөлүгүнө мал жүктөгөнсүп жүктөп бараткан адамдарга мыйзам иштебейт?», - дейт З.Сагынбаева.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, бул факт Сузак РИИБдин тергөө бөлүмүндө каралып жатат.

«2 тарап тең бири-бирине карата уруп-сабоо фактысы боюнча арыз жазышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Жабыркаган балдар ошол эле айылда жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте 10-класста жана 6-класста окушат.

Айдоочу берген көрсөтмөсүндө, балдар ыргыткан кар унаанын айнегине тийип, бир аз жарака кеткендиктен ал ачууланганын айтып, бирок «тапанча менен коркуткан, урган» деген айыптоолорду четке каккан.

Учурда мыйзамга ылайык териштирүү иштери жүрүүдө. Денесиндеги жаракаттын деңгээлин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды», - деди ОИИБдин басма сөз кызматкери М.Турдубеков.

Ал эми жабырланган балдар айтып жаткан Таир аттуу жаран бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Октябрь аймактык ооруканасынан малымдашкандай, өспүрүмдөр 15-январь күнү кайрылышкан, аларга баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган.

«2003-жылы туулган Т.Эрбол жана 2006-жылы туулган Ж.Байэл 15-январда саат 13:10 чамасында ооруканага кайрылышкан, аларга «баш мээси чайкалган» деген диагноз коюлду. Эрболдун бутунда шишиктер бар болсо, Баэлдин чекеси жарылып, шишиктер калган. Учурда алардын абалы орто, бир курс дарылангандан кийин билинет», - деди оорукананын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Улукбек Асранов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×