Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЧаткал району 17.01.2019 09:45

Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланды

Turmush -  Кечээ, 16-январда саат 01:00 чамасында Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 70-чакырымында (Чапчыма ашуусу) көлөмү болжол менен 3000 метр куб, 118-чакырымында (Кызыл-Бел тилкеси) көлөмү болжол менен 2000 метр куб көлөмдө түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 02:00 чамасында Красная Горка–Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырым аралыгында болжол менен 9000 метр куб кар көчкү түшкөн. Унаа жолу жабылган эмес. Жол каттамы бир тараптуу ачык. Жолду тазалоого №27 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 2 грейдер, 2 бульдозер жана 18 кызматкер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 13:30да Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 70-118-чакырымдарында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды. Ошондой эле Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка унаа жолунун 67-чакырымында түшкөн кар көчкүлөр саат 18:50дө толугу менен тазаланып, жол эки тараптуу ачылган.

Ал эми Красная Горька–Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырым аралыгында түшкөн кар көчкүнү кеч киргендигине жана кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу тазалоо иштери 17-январда улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×