Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 16.01.2019 23:19 Жаңыланды: 16.01.2019 23:19 На русском

Мекендештер: Жалал-абаддык жалгыз бой эне 15 жылдан бери Россияда үй курат (сүрөт)

Turmush -  15 жылдан бери Россиянын шаарларында эмгектенип жаткан мекендешибиз Ирсалат Хужамаматова эки баласын багуу үчүн мигрант болуп кеткен. Ал эркектерден кем калышпастан курулуш тармагында эмгектенип, мыкты адис болууга жетишти.

Куруучулардын арасында өз ордун тапкан уста айым учурда буюртма аркылуу иштеп жатканын айтты.

«Мен Москва шаарына 2004-жылы келгем. Ошол жылдан бери курулуш тармагында иштейм. Курулушка тиешелүү мен билбеген иш калган жок. Учурда мени бул жакта көпчүлүк таанып калды. Буюртма бергенде атайын издеп келишет. Эгерде ишим болуп калса “күтүп туралы, сиз өзүңүз жасап бериңизчи” деп кезекке турушат.

Алгач Москвага келгенде кыргыздар менен келишим түзүп иштегем. Жаңы келгенде акчам жок, 1 миң 500 доллар мен үчүн чоң акча болчу. Курулуш тармагында иштеп баштаганымда айлыгымды да бербей коюшкан. Кийин ал жерден кетип, Химки деген шаарда дагестандык жаран менен иштеп калдым. Жемиштүү, жакшы күндөрүм ошол жерден башталды. “Жаман эл болбойт, жаман адам болот” деген ушул экен. Өзүмдүн жердештерим алдап кеткени өтө аянычтуу болду», - деди Ирсалат Хужаматова.

Ал курулуш тармагына көнүп калгандыктан башка жумушта иштегиси келбейт.

«Келгенден бери курулушта иштегеним үчүн бул жумушка көнүп калдым. Азыр башка жумуш издебейм, издегим да келбейт. 2004-жылдан баштап 2018-жылга чейин Долгопрудный шаарында таунхаустардын биринде иштедим. Учурда Якутияда курулушта иштеп жатам. Айына 50-60 миң рубль айлык алам. Бул жакта мага окшоп курулушта иштеген кыргыз аялдар көп. Бул өтө аянычтуу көрүнүш. Үй-бүлөлүү аялдар да курулушта иштеп жүрүшөт.

Ал эми Кыргызстанда 1985-жылдан баштап 1992-жылга чейин Шамалды-Сайдагы “Достук” заводунда иштедим. Ал ишкана жабылып калгандан кийин май куюучу жайда кассир болуп жүрдүм. Ошол эле жерде башкы бухгалтер болуп да иштедим. Ал да жабылганда үйдө отуруп калдым. Ошентип жумушсуздуктун айынан эл катары Россияга сапар алгам. Айла жок, балдарды (1 уул, 1 кыз) багыш керек, аларды окутуш керкек. Жолдошум менен балдарым жаш кезинде эле ажырашып кеткенбиз.

Учурда кызым турмушка чыккан, 3 уулдун энеси. Буюрса жакынкы күндөрдө уулумду үйлөнтсөм деген ниетим бар», - деди Ирсалат Хужаматова.

Ал Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасына караштуу Достук айылында өскөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×