Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-февраль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 14.01.2019 14:03

Кыргызстандан Өзбекстанга өтүп кеткен 184 баш жандык кайтарылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мамлекеттик чек арадан өтүп кеткен 184 баш майда жандык ээсине кайтарылды. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча, 13-январда «Орто-Суу» чек ара тозотундагы чек арачыларга Арап айылынын тургундары кайрылып, талаада жайылып жүргөн майда жандыктары Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенин билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде жайылып жүргөндө Өзбекстанга өтүп кеткен жалпы 184 баш жандык эки тараптын телефондогу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында табылды. Учурда чек арачылар малды толугу менен ээсине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×