Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.01.2019 22:55

Жалал-Абаддагы айдоочуларга жаңы мыйзамдар түшүндүрүлдү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 11-январда Жалал-Абад шаарындагы унаабекетте айдоочуларга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ЖКККБнын башчысы, милициянын полковниги Төрөбай Бекбергенов билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдан баштап күчүнө кирген мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Учурда биздин кызматкерлер айдоочуларга протокол түзүшкөн жок. Анткени жарандарга маалыматтар берилип жатат. Эски мыйзамда коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларга 300 сом айып белгиленсе, жаңы мыйзамда 1000 сом өлчөмүндө айып пул белгиленген. Ал эми айылдан сырткары, эл аралык жолдордо коопсуздук курун тагынбагандарга 3000 сом айып пул жазылат. Айдоочулар мас абалында унааны жогорку ылдамдыкта айдап, карама-каршы тилкеге чыккандыктан жол кырсыктар көп катталууда», - деди Т.Бекбергенов.

Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» Кодекси боюнча Жалал-Абад облусунун ар бир район-шаарларында ЖКККБнын башчысы, милициянын полковниги Төрөбай Бекбергенов өзү баш болуп, айдоочулук курамга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, суроолорго жооп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×