Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Жалал-Абад облусуНоокен району 10.01.2019 12:43 На русском

Айыл турмушу: Ашпозчу Алмазбек Абдрахманов ресторандын директорунун итине тамак жасаганын унутпайт (сүрөт)

Turmush -  Ноокен районунун Масы айылынын тургуну Алмазбек Абдрахманов 14 жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенет. Ал шартына байланыштуу жогорку билим ала албай, ашпозчу болуп калганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Алмазбек Абдрахманов: «Кулинарияга кызыгуу атам менен чогуу ашканада иштеп баштаганда пайда болгон. Ал учурда мен 7-класста окучумун. Мектепти аяктагандан кийин билим алып, кесипке ээ боло алган жокмун. Иштеп кетүү кыйын экен. Унаа жуучу, май куюучу жайларда иштеп, жүк ташуучу, курулушчу болуп эмгектендим. Ашканага орношуу үчүн ар кайсы эшикти каккыладым. Бирок тажрыйбам жетишсиз экенин айтып, кабыл албай коюшту. Ашканалардын бирине идиш жуугуч болуп ишке орноштум. Идиштерди жууп коюп, манты түйүп, самсага камыр жууруп 3 ай иштедим. Ысык-Көлгө ашпозчуларды кабыл алып жатканын угуп, башкы ашпозчуга мени жардамчы кылып алуусун сурандым. Макулдугун бергенде сүйүнгөнүмдөн ыйлап жиберейин дегем. Иштеп жүргөн учурда мен курактуу балдар тажрыйба топтоо үчүн келишти. Алардын арасынан экөө гана иштеп кетти. Көпчүлүк ашпозчулар сырлары менен бөлүшпөйт экен. Мен билгендеримди башкаларга үйрөтөм», - дейт ал.

Алмаз Абдрахманов 14 жыл аралыгында 20дан ашык кафе-ресторандарда иштеген. Орусиядан төрт жыл мурун келип, учурда Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде башкы ашпозчу болуп эмгектенип жатат. Ал кардарлардын чакыруусу боюнча да кызмат көрсөтөт.

«Москвадагы окуяны эстеген сайын күлөбүз. Адатта башкы директор келгенде кабарлап коюшчу. Ошол күнү буйрутма көптүгүнөн тызылдап чуркап жүрсөк, башкы директор аялы менен келгенин айтып калышты. Анча-мынча тамак жага бербеген, мүнөзү катаал киши эле. Ыраазычылык айтпай, кемчилик эле таап кетчү. Ал эки кишиге ылайыкталган тамак буйрутма кылды. Башкы ашпозчу бизди көзөмөлдөп жатты. Бир убакта тейлеген кыз бизди шылдыңдай баштады. Көрсө биз башкы директордун итине тамак жасаган экенбиз.

Чайканалардын биринде иштеп жүргөндө да күлкүлүү окуяга кабылгам. Орозо маалы болгондуктан 500-600 манты түйгөнгө туура келди. Жардамчыларым түйгөндү билбегендиктен өз мойнума алдым. Бир убакта саатты карасам 16:30 экен. Кол астымдагы кызматкерлерге да кыйкырып, шаштырып жаттым. Салаттарды салдырып, баарын даярдатып коюп саатты карасам 15:40 болуптур. Көрсө шашканда саатты туура эмес көрүп алыптырмын», - дейт Алмазбек Абдрахманов.

Ал Москва шаарында иштеп жүргөндө айып пул төлөгөнүн унутпайт.

«Ал убакта ресторандын чакан филиалынын башкы ашпозчусу болчумун. Түндө уктап жатсам телефон чалып чакырышты. Жаңы келген ашпозчу тамакты туура эмес жасап коюптур. Анын айынан 3000 рубль төлөгөм. Ал чырлуу окуяларга көп аралашчу. Кийин башка ресторанга башкы ашпозчу болуп которулуп кетиптир», - деди ал.

Ал кээде башка кафе-ресторандарга барып, тамактардын тизмесин, даамын көрүп келерин жана жакса-жакпаса да ашпозчусуна ыраазычылык айтарын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×