Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.01.2019 13:09

«Таң сыры» аттуу ыры качып кеткен президенттерге да арналгандай, - КРнын эмгек сиңирген артисти Ж.Кочкоров (маек)

Turmush -  Белгилүү ырчы, обончу жана аткаруучу, КРнын эмгек сиңирген артисти Жанышбек Кочкоров «21-кылымдын жылдызы» наамына ээ болду. Президенттин Ардак грамотасына ээ болгон талант менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

- Учурда кандай жаңы обондорду жаратуунун үстүндө иштеп жатасыз?

- Обончу обон жаратып турбаса жүрөгү ооруйт. Бирок тез-тез биринин артынан бирин чыгаруу да болбойт. Анткени супсак, бири-бирине окшош обондор жаралып калат. Бүгүнкү күндө «Эненин тилеги» деген ырды атайын буйрутма менен Салимбай Турсунбаевге жаздырып, ошол ырга обон жаратуунун үстүндө иштеп жатамын. Обонду мен аккордеон менен чыгарып, андан ары Бишкекке барып аранжировкалашым керек.

- Бир обонду чыгарып, музыкасын жаздырып, эл алдына ырдап чыгууга канча чыгым талап кылынат?

- Минималдуу айтканда жол кире, жатакана өңдүү чыгымдарды кошкондо 1000 доллардын тегерегинде чыгаша кетет. Аранжировка кылган балдар дагы аксакал деп сыйлашып, арзандатып жазып бергенден кийинки чыгым ошончо болот. Мен мисалы, «Эне тилеги» аттуу ырды атайын буйрутма менен жаздырдым. Себеби эне жөнүндө бир да ырым жок экен. Анын үстүнөн энелерге арналган майрам көп.

Ошондой эле, Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган «Өмүрдүн сенсиң майрамы» деген ырга обон чыгарып, эл алдына ырдап чыга баштадым. Телеберүүгө, радиого бериле элек. Кара-көлдүктөргө ырдап баштадым.

Мындан сырткары, «Кимибизден» деген ырга обон жазып, Алтынай Нарбаевага бердим эле. Ал бүгүнкү күндө элге өзүн да, ырды да таанытты. Ырдын сөзү Д.Садырбаевге таандык болчу. Ырдын элге сиңип, жайылышы аткаруучуга байланыштуу болот. Ошол ырга обон жаратууда аябай толгонуп, аккордеон менен Алтынайга ырдап бердим эле. Ал жактырып, өзү да аккордеон ойногондуктан үйрөнүп, жаттап элге алып чыкты.

- Обон жазууда кандай ырларга басым жасайсыз?

- Мен алгач ырдын текстин окуп чыгамын. Маани мазмунунуна токтоломун. Ал ырда кандай философия камтылганына маани берем. Азыркы ырчылар такыр башка багытта ырдашууда. Алардын аткаруу чеберчилиги, стили да башкача. Алардын ырдап жаткан сөзөрүнө түшүнө албаймын. Мен улуу муундун ырчысымын, ушул багытта таанылганмын. Көп жыл мурун Байдылда Сарногоевдин ырына обон жазып, аранжировкалаттым. Бирок мен ойлогондой аранжировка болгон жок. Анткени ал же жаңы же эски стилге кирбейт экен.

- Сизди шаарда өткөн бүт маданий иш-чараларда, тойлордон да көрүп жүрөмүн. Бир тойго барып ырдоо акысына канча аласыз?

- Эми бул замандын талабы экен. Тойлорго чындыгында бекер барбайбыз. Бир тойго 5 миң сом акы алам. Бир тойдо жалпы 5-6 ыр ырдайм.

- Ырлардын тарыхы болот эмеспи. Сиз жараткан обондордун да кызыктуу тарыхы бардыр?

- Мисалы Сардарбек Жумалиевдин «Таң сыры» аттуу ырынын тарыхы сүйгөнүнө жетпей калган жигиттин күйүтүн, сагынуусун берет. Ушул ыр мага Кыргызстандан качып кеткен президенттерге, чиновниктерге тиешелүү жазылып калгандай сезилет. Аны жакшылап укканда «Сагынганда бир келерсиң, саргайганда бир келерсиң» деген ыр саптары бар. Алар баари бир туулган жерин сагынып, санааркашат. Аны ачык айта албасада жүрөгүндүн түпкүрүндө ушул сагынуу сезим жашайт. Анткени Кыргызстандын абасы, суусу бөлөк да. Алардын кыргыздын каны кайнап жатат. Бөлөк элде эч убакта өзүн кенен, эркин, толук кандуу кыргыз сезе алышпайт.

«Менин Кара-Көлүм» деген ырымдын сөзү, обону да өзүмдүкү. 1978-жылы ошол кездеги шаардын мэри Роба Насырованын буйрутмасы менен жазылган. Ал маданият үйүнө келип, «Кара-Көл жөнүндө кыргызча бир ырыңар барбы? Орустар болсо даярданууда. Кыргыздар дагы даярдасак болбойбу?» деп айтканы эсимде. Ошол кезде Токтогул ГЭСине байланыштуу майрамдык иш-чара өткөрүлмөк. Анан мен анын сөзү менен орустардын даярдыгын көрүүгө барсам, алар «Платина» деген ырды даярдап, ырдап жатышкан экен. Мен ошол жерден фортепианого олтуруп, бир музыканы күтүүсүз ойноп коюптурмун. Аны өзүм да байкабай калыптырмын. Ошентип ошол музыкага сөз жазуу керек болуп, толгонуп олтуруп, текстин улам оңдоп-түздөп жаздым. Ошентип 1978-жылы аккордеон менен маданий иш-чарада жаңы ырдын бетачары катары ырдалып жүрүп, кийин заманбаптап аранжировкалап ырдоого өттүм. Бүгүнкү күндө бул ыр биздин шаардын гимни десем болчудай.

- Сиздин аткарууңузда обондуу ырларды угуп жүрөмүн. Бирок клиптериңизди көрө элекмин. Клип тартууга кызыкпайсызбы же каражат жетишсизби?

- Мурун 5 ырыма клип тартылган. Анын бири эле теледен берилип жүрөт. Калгандары теленин жүргүзгөн саясатына туура келбей, өтпөй калгандай сезилет. Себеби калган клиптерде Бакиевдин президент болуп турган убагы эле. Анын портрети да түшүп калган экен. Ошол себептен берилбейт го деп ойлоймун. Эми клип тартуу планымда бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×