Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусуСузак району 08.01.2019 17:31

Айыл турмушу: 8 жыл медицина жаатында иштеген М.Пулатова турмушка чыккан соң өз кыялындагы кесибине ээ болгон (фото)

Turmush -  Сузак районунун тургуну Матлюба Пулатова 8 жыл медицина тармагында эмгектенип, кийинчерээк балалык кыялын орундатып мугалим болгон. Элеттик мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, анын мугалим болушуна чоң атасынын таасири чоң.

«Балалыгым Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Токтогул совхозунда өттү. Ал учурда союз мезгили болгондуктан чек аралар ачык, Кыргызстанга чектеш жашачубуз. Мен кичинекей кезимде чоң атам комуз күүлөрүн жакшы көрүп укчу. Үйүбүздөгү сыналгыдан көбүн эсе комуз күүлөрү жаңырып турчу. Мен 9-класста окуп жатканымда 9-май майрам күнү Роза Аманованы сыналгыдан көрсөтүп калышты. Ал комуз чертип, жалпы журтчулукту жеңиш майрамы менен куттуктаганда, комузга болгон кызыгуум жаралган. Ошол күнү кечкиге тамак жасап жаткам. Комуздун күүлөрүн укканда берилип кеткенимден куурулуп жаткан тамагым күйүп, кайра башынан тамак жасаганга туура келген. Ошол күндөн тарта комузга кызыгуум артып баштаган.

Айылыбызда менден жашы улуураак эже атайын бизге чектеш Кыргызстандын Жийде айылына келип, комуз ийримине катышып кетчү. Мен болсо күндө жумуштарымды бүтүрүп алып, анын үйүнө барып жүрүп, комузду өздөштүрүп алдым. Кийинчерээк комузга болгон кызыгуумду, шыгымды байкаган атам комуз сатып келип, мага белекке берди. Ошондон кийин менин ырга, комуз күүлөрүнө болгон шыгым артып, мектептеги айылдагы маданий иш-чараларга катышып, эл алдында ырдап, ийгилик жарата баштадым. Чоң атамдын колдоосу менен райондук, облустук сынактарга катышып, байгелүү орундарды багындырдым», - дейт М.Пулатова.

Мындан сырткары, ал элдик ырларга кызыгуусу ашып-ташканы менен аргасыздан медицина тармагында билим алып, ал жаатта эмгектенгенин айтат.

«Мектепти аяктап, ЖОЖго тапшыруу үчүн Жалал-Абад шаарына келдим. Шаардагы Жалал-Абад мамлекетик университетине келсек, окууга тапшырып жүргөн абитуриенттер абдан көп экен. Алардын арасында мен дагы окууга тапшыруу үчүн кезек күтүп тургам. Оюмда ата-энем мени мугалимдикке тапшыртат деп турсам медицина факультетине сынак тапшыра турганымды айтышты. Башында каршы болдум, бирок атам ооругандыктан алардын көңүлүн кыя албай, аргасыз ушул факультетке экзамен тапшырып өттүм. Ошентип Жалал-Абад медициналык окуу жайында билим алып калдым. Ошол учурда да окуу жайдын ар кандай маданий иш-чараларына катышып, ийгилик жараттым. Окуумду бүтүп, Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасында 8 жыл эмгектендим. Ал тапта турмушка чыгып, балалуу болдук.

Кийинчерээк кайын энем, кайын атам жана жолдошумдун колдоосу менен кайрадан билим алып, өзүм эңсеген мугалимдик кесиптин ээси болдум. Учурда №7 Ж.Турусбеков атындагы мектебинде жана райондук балдар билим берүү борборунда музыка жана биология сабактарынан сабак берем. Мындан сырткары, жумушумдан сырткары тойлордо, кечелерде алып баруучу болуп жана «Жар-жар» айтып кызмат кылам», - деди М.Пулатова.

М.Пулатова 3 уулдун жана 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×