Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 08.01.2019 16:39

Сузакта комплекс болуп түптөлгөн балдар үйүнүн бөлүнүшүнө тургундар нааразы (фото)

Turmush -  Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка айылында комплекс болуп түптөлгөн Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн бөлүнүшүнө жергиликтүү жашоочулар нааразычылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдар 2018-жылдын окуу жылына чейин жакындарына таратылып, 20дай багар-көрөрү жок балдар өлкөнүн башка аймактарында жайгашкан балдар үйүнө которулган. Ал эми аталган жер 2018-жылдын сентябрь айында комплекс болуп түптөлгөн. Бирок арадан төрт ай өтпөй, аталган комплекс бөлүнүп жатканына тургундар нааразы болууда.

Нааразычылык акциясына чыккандардын бири Минавар Айдарова жакшы иш жүргүзүп келе жаткан комплексти бала бакча жана мектеп деп экиге бөлүп, бир имаратты эки жетекчи башкарышын туура эмес деп эсептейт.

Анын айтымында, бала бакчага жетекчи болуп келе жаткан Кундуз Назарованын бир тууган иниси ЖКнын депутаты, аны район акими Эрмекбай Омошев калкалап жатат.

«Биздин айыл Багыш айыл өкмөтүндөгү калкынын саны жана аянты боюнча чоң айылдардын бири. Бирок ошондой болгону менен биздин айылда ФАП же бала бакча жок. Үйдө балдарыбыз ооруп калса жакын жайгашкан Октябрь айылындагы ооруканага алып барабыз. Мындан сырткары, айылда бала бакча жок болгондугуна байланыштуу өткөн жылы балдар үйүнүн бир корпусун атайын балдар бакчасына айландырып, бир имаратта бала бакча, мектеп окуучулары жана балдар үйүндө тарбияланган балдар окуп жатышкан. Айылдагы Ш.Базарбав атындагы мектептин эскилиги жеткендиктен 2011-жылы ӨКМ авариялык абалда деген корутунду чыгарып, такыр окууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Кийинчерээк 2013-жылы жарым-жартылай мына ушул имаратка көчтүк. Кийинчерээк оптимизация болот деген сөз болгондо район акими Эрмекбай Омошев "ушул мектеп силерге калат" деп элдин башын айландырды. Биздин жамаат анын сөзүнө ишенгенбиз. Ал эми быйылкы жылы аким кайрадан келип, быйыл комплекс бөлүнөт, мектеп өзүнчө, бакча өзүнчө болот, силерге жаңы мектеп курулат деп элге эки ача ойду айтып жатат. Анын үстүнө бала бакчага жаңы Кундуз Назарова деген жетекчи келген. Ал ЖКнын депутаты Айтмамат Назаровдун бир тууган эжеси экен. Бир имаратка эки жетекчинин кереги жок болчу, буга чейинки жетекчи жакшы эле иштеп жаткан. Биз ата-энелер комплекстин ушул бойдон калуусун, комплекстин балансындагы жерлер, балдар эс алуучу лагерлер бирөөнүн колуна барбасын деген максат менен чогулуштарды кылып, тиешелүү тараптарга кат жолдоп жатабыз», - дейт М.Айдарова.

10 жылдан ашуун убакыттан бери комплексте эмгектенген Калипа Жумаева жаңы жетекчи Кундуз Назарованын кызматка келишине комплекстин жамааты да каршы болуп жатканын айтат.

«Мен ушул жерде 10 жылдан ашуун убакыттан бери иштейм. Буга чейин балдар үйү болуп, мектеп окуучулары да келип, бала бакча да ачылып, бир комплекс түптөлгөн. Аны Бегай Маматова деген эжекебиз башкарып турган. Мындан 6 жыл мурда эле оптимизация болот деп, директорубуз өзү ушул оптимизация боюнча семинарларга, окууларга катышты. Өзүнүн жанына Нуралиева Даткайым деген эжени ала жүрүп, баарын үйрөтүп, 2018-жылдын сентябрь айында толугу менен комплекс болгон. Ал жетекчи болуп, жакшы иштеп жаткан.

Арадан төрт ай өтпөй Кундуз деген эже бакчага жетекчи болуп келе калды. Ал буга чейин катардагы эле тарбиячы болуп эмгектенген, кантип жетекчи болуп келгени бизди таң калдырып жатат. Буга чейин бакчанын түптөлүшүнө айыл өкмөт канчалык салым кошту билбейм, бирок мурдагы жетекчибиз Даткайым эже айылдан чыккан ишкерлердин колдоосу менен көптөгөн эмеректерди жаңылап, балдар үйүндөгү эскилиги жеткен матрастарды жетекчибиз баш болуп тазалап жууп, сыртынан жаңы кылып каптап, баарын даяр кылганда келип жетекчи болуп алуусу көпчүлүктү кыжырлантты», - деди бакча кызматкери К.Жумаева.

Маалым болгондой, балдар үйүнүн карамагында 25.9 гектар сугат жер, 18.4 кайрак, 36 гектар чөп орок, 34 гектар жайыт, мал кармоочу сарай жана Кара-Алма токой чарбасынын ичинде эс алуу лагери бар. Сузактагы Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйү 1922-1924-жылдары Кыргызстандын түштүгүндө биринчи болуп «Ликбез» сабатсыздыкты жоюу мектеби болуп уюштурулган. 1933-жылы «Ф.Э. Дзержинский атындагы балдар үйү» болуп өзгөртүлүп, ал убакта ата-энелери басмачылар тарабынан өлтүрүлгөн 90 жетим бала кабыл алынган.

Өткөн жылы Баткен, Ысык-Көл жана Жалал-Абаддагы балдар үйлөрү жоюлган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×