Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.01.2019 13:21

Кара-Көлдө 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 18 кызматкер сыйланды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 18 кызматкер сыйланды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сыйлыктар 28-декабрда өткөн «Көгүлтүр от» иш-чарасында салтанаттуу тапшырылды. Ага шаар мэри И.Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлер, шаар тургундары, жеке ишкерлер катышты.

Төмөнкү номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды;

1. «Жылдын мыкты мугалими» номинациясы №1 Токтогул атындагы мектеп гимназиянын англис тили мугалими Күйпиева Меисге;

2. «Жылдын мыкты спортчусу» номинациясы КРнын спорт чебери, 2018-жылы Харьков (Украина) шаарында өткөн эр уруш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү Тугуналиев Айбекке;

3. «Жылдын мыкты студенти» И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаарындагы флиалынын стунденти Чыназылов Ноенго;

4. «Жылдын мыкты коомдук ишмери» номинациясы жеке ишкер Бегматов Талантка;

5. «Жылдын мыкты мамлекеттик кызматкери» номинациясы шаардык мамлекеттик архив кызматынын башкы архивисти Эркайым Ниязалиевага;

6. «Жылдын мыкты уюштуруучусу» наамы Ч.Айтматов атындагы шаардык балдар үйүнүн драмалык ийрим жетекчиси Тезекбаева Раисага;

7. «Жылдын мыкты саламаттыкты сактоо кызматкери» наамы шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери Көчкөнбаева Жамиляга;

8. «Жылдын мыкты депутаты» номинациясы шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Заманбек Бопошовго;

9. «Жылдын мыкты жетекчиси» наамы Токтогул ГЭСтер Каскадынын директорунун орун басары Халбатыров Уланга;

10. «Жылдын мыкты депутаты» шаардык кеңештин депутаты, шаардык кеңештеги бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Чаргынов Адылга;

11. «Жылдын мыкты саламаттыкты сактоо кызматкери» номинациясы Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун жандандыруу бөлүмүнүн медайымы Кадырова Гүлзарга;

12. «Жылдын мыкты муниципалдык кызматкери» номинациясы шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бараталиева Жамбилажанга;

13. «Жылдын мыкты ишкери» наамы жеке ишкерлер ассоциациясынын төрайымы Алыбаева Айнагүлгө;

14. «Жылдын мыкты окутуучусу» номинациясы И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл шаардык филиалынын улук окутуучусу Жумашева Гүлнарга;

15. «УКМКнын жылдын мыкты кызматкери» наминациясы УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн кызматкери Абдраимов Акылбекке;

16. «Жылдын мыкты куруучусу» наамы «Нарынгидро» туунду жоопкерчилиги чектелген коомунун 5- баскычтагы бетонщиги Баймырзаев Иманалыга;

17. «Жылдын мыкты энергетиги» наамы Токтогул ГЭСтер Каскадынын, Күрп-Сай ГЭСинин трубиналык цехинин 4-баскычтагы гидротрубиналык жабдууларды оңдоо боюнча слесары Дурболов Сабитке;

18. «Жылдын мыкты маданият кызматкери» наамы шаардын ардактуу тургуну, манасчы Салимбай Турсунбаевге ыйгарылды.

Ошондой эле Ч.Айтматов атындагы Эл аралык фонду шаар мэри И.Еркеевди, шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиевди, шаардык кеңештин депутаты Ж.Матназарованы, Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн жетекчиси Г.Бердимуратованы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чараларга активдүү катышкандыгы жана балдар чыгармачыл үйүнө чыгаан жазуучу Ч.Айтматовдун ысымынын ыйгарылышына демилгечи болгондугу үчүн ыраазычылык билдиришип, Чыңгыз Айтматовдун төш белгиси менен сыйлады.

Ошондой эле мэр И.Еркеев «Жылдын мыкты мэри», «Жылдын чыгаан мэри» төш белгилери менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×