Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.01.2019 11:43 Жаңыланды: 08.01.2019 16:53

2018: Жалал-Абадда жыл ичинде алмашкан жетекчилер

Turmush -  2018-жылы Жалал-Абад дубанында болгон ар кандай окуяларга байланыштуу бир топ жетекчилер кызматынан бошоду. Жыл кадрдык өзгөрүүлөргө бай болду десе болот. Бийлик өкүлдөрүн алмаштыруу март айынан жанданган...

Аймактык кабарчы жаңыдан келген жетекчилерди тизмектеп көрдү.

Таш-Көмүр шаары жаңы мэрлүү болду

Таш-Көмүр шаарынын мэрин тандоодо пикир келише албаган шаардык кеңештин депутаттары эки жолу тарады. Былтыркы жылы кайрадан шаардык кеңеш шайланып келип, 7-мартта калаа башчысын тандашты. 21 депутаттын добушу менен Рахматилла Асаналиев Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп шайланды.

Шаар мэрлигине КСДП партиясынан Бусурманкул Субаналиев, «Мекеним-Кыргызстан» фракциясынан Рахматилла Асаналиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн болчу.

Ала-Букада бошотулган, кызматка келген акимдер

Ала-Бука районунун акими болуп келген Акпаралиев Сонунбек Абдылдаевич 22-мартта ошол мезгилдеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматынан бошотулду. Анын ордуна апрель айында район акими болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды. Ала-Бука районунун акимин өкмөттүн аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн инспектору Атай Алманбетов жана өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев акимиаттын жамаатына тааныштырышты.

Э.Абдыкадыров буга чейин өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө бейөкмөт уюмдар менен иштешкен. 2017-жылы шаардык кеңештин VII чакырылышына «Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланган.

Тогуз-Тородогу чырдан кийин келген аким

2018-жылдын 11-апрелинде «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын кайрадан иштешине каршы болуп, митингге чыгышкан элдин нааразычылыгы ишкананын имаратын өрттөөсү менен аяктады. Бул окуядан улам Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Тилек Идирисов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка экс-премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Май айынын соңунда акимдин ордуна буга чейин акимдин биринчи орун басары болуп келген Айбек Кожошев кызматка келди. Акимди кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дайындады.

26-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков акимди район активине тааныштырды. Жыйынга мурунку аким Тилек Идирисов дагы катышып, район активине өз ыраазычылыгын айтып, жаңыдан кызматка киришкен Айбек Кожошевге ийгиликтерди каалады.

Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси алмашты

Тогуз-Тородогу чыр Жалал-Абад ОИИБдин башчысын алмаштырууга да өз таасирин берди. Тактап айтканда райондогу чырдан кийин облустук ички иштер башкармасынын башчысы болуп келген Акылбек Мамасейитов кызматынан алынып, Жолдошов Кылыч Нурмаматович Жалал-Абад ОИИБдин башчысы болуп дайындалды.

2018-жылдын 23-апрелинде ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков жаңы жетекчини ОИИБдин жамаатына тааныштырды. К.Жолдошов буга чейин Ош ШИИБдин башчысы кызматын аркалап келген.

WhatsApp Image 2019-01-08 at 12.58.34

Облустун прокуратурасына жаңы жетекчи келди

Айбек Турганбаев Жалал-Абад облусунун прокурору болуп дайындалды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, мурда аталган кызматты учурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ээлеп келген.

Жалал-Абад шаарынын мэри жана төрагасы шайланды

2017-жылдын 11-июнда Жалал-Абад шаардык кеңеште сессия өтүп, күн тартибинде калаа башчысын жана шаардык кеңештин төрагасын шайлашты. Шаар башчылыгына эки талапкер ат салышты жана шайлоого 31 депутаттын 30у катышып, Мураталы Тагаев 18 депутаттын добушу менен мэр болуп шайланды. Ал эми Шайыр Ташиев 11 депутаттын добушуна ээ болду.

12

Шаардык кеңештин төрагалыгына «Үлгүлүү шаар үчүн» көпчүлүк коалициясы КСДП фракциясынын депутаты Айбек Жолдошевдин талапкерлигин көрсөтүп, депутаттар жабык добуш берди.

Натыйжада Айбек Жолдошев 30 депутаттын тең колдоосуна ээ болуп, эгемендүүлүк алган жылдан берки шаардык кеңештин 11-төрагасы болуп шайланды. Ал эми төраганын орун басары — «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон Нурбек Аканов кызматын өз ыктыяры менен тапшырып, анын ордуна «Ата Журт» фракциясынан экс-төрага Эрнист Ормоков сунушталып, бир добуштан колдоо тапты.

Жол көзөмөлдөөчүлөрдүн башчысы да өзгөрдү

Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп милициянын полковниги Төрөбай Бекбергенов Исакжанович дайындалды.

Төрөбай Бекбергенов 1966-жылы Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз техникалык университетин 1993-жылы аяктаган. Ошол жылдан бери ички иштер органдарында эмгектенип келет.

2010-жылдан 2014-жылга чейин Талас ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2014-жылдын декабрь айынан 2017-жылдын декабрь айына чейин Нарын облустук ИИБ боюнча патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1

Шаардагы мекемеге келген жетекчилер

Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчиси болуп Дүйшеев Автандил Салиевич дайындалды. Жаңы жетекчи жамаат менен да таанышкан.

А.Дүйшеев буга чейин шаардык кеңештин депутаты болчу («Өнүгүү-Прогресс»). Автандил Дүйшеев Салиевич Сузактагы Жаңы-Дыйкан айылында 1983-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Жалал-Абад шаарындагы «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесинин жетекчиси болуп Элдяр Төрөкулов дайындалды. Э.Төрөкулов 2014-жылдан бери аталган мекеменин жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

2

Ал 1981-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Жогорку билимдүү. 1998-2003-жылдары Экономика жана ишкерлик университетинде меденжмент багытында билим алган.

Төлөн Бакиров «Жалал-Абад суу канал» ишканасынын башчысы болуп келди. Аталган ишкананы буга чейин жетектеп келген Айтпай Мусаев өз арызынын негизинде жумушунан бошотулган. Төлөн Бакиров 3 жыл убакыттан ашуун Жалал-Абад шаарынын тазалыгын көзөмөлгө алган «Жалал-Абад тазалык» ишканасын жетектеп келген.

Саламаттыкты сактоо жаатындагы жетекчилер

Нурдин Эрматов Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору — министрликтин облустагы координатору болуп дайындалды. Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кол койгон.

Жаңыдан келген жетекчини жамаатка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков тааныштырып, ийгиликтерди каалады. Ал эми мурунку жетекчи Маматжан Миянов 2011-жылдан бери аталган борбордун жетекчиси болуп эмгектенип келген. Ал өз арызы менен кызматынан бошотулган.

3

Район-шаардагы прокурорлор

Сагынбаев Нурлан Акматович Майлуу-Суу шаарынын прокурору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка башкы прокурор Ө.Жамшитов 2-октябрда кол койгон.

Н.Сагынбаев буга чейин Жалал-Абад облусунда мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Мамыров Алайбек Өмүрзакович Токтогул районунун прокурору болуп дайындалды. Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка 2018-жылдын 2-октябрында башкы прокурор кол койгон.

Ал буга чейин Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгында улук прокурор болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×