Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусуЧаткал району 07.01.2019 17:11 На русском

Эл ичи — өнөр кенчи: Чет жакка чыгып, эстелик жасаган М.Смаилов бир айда 2,5 миң доллар тапкан учурлары болот (сүрөт)

Turmush -  Чаткалдык Мыктыбек Смаилов 10 жылдан бери эстелик, макеттерди жасап иштеп келет. Ал чоң эстеликтерди жасап, көп өлкөлөрдү кыдырып келгенин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

Мыктыбек Смаиловдун айтымында, мектепте окуп жүргөн учурда жыгачтардан жаныбарларды жасап жүргөн.

«Менин алгачкы эмгегим 8-класста эле жасалган. Мектепте окуп жүргөн учурда жыгачтан бүркүттү жасагам. Кийин ар кандай жаныбарларды жасап жүрдүм. Менин кызыгуум дагы ушул болчу. Табиятты чагылдырууга абдан кызыкчумун. Кийин ушул кесипти аркалап, учурда ушул кесип менен жан багып жүрөбүз», - деди ал.

Каарманыбыз Кыргызстандын аймагындагы бир нече чоң эстеликтерди жасоого катышкан. Ал алгачкы жолу Ош шаарындагы Барсбек кагандын эстелигин жасоого катышканын айтты.

«Мен Бишкектеги көркөм сүрөт академиясында окуп жүрүп 2-курсумда Оштогу Барсбектин эстелигин жасоого катышкам. Кийин шаарларда коюлган чакан эстеликтерди жасап келе жатабыз. Мындан сырткары Нарын облусунда 2 чоң эстеликти жасаганбыз. Мен Чаткалда жашап чакыруу болгон жактарга барып турчумун. Учурда иш көп болгондуктан Бишкекке келдим. Тынымсыз буйрутма алабыз», - дейт Мыктыбек Смаилов.

Ал өзгөчө кызыктуу каармандарды, коркунучтуу жаныбарларды дагы жасаганын кошумчалады.

«Бизге ар кандай жаныбарларды жасап берүүбүздү өтүнүп буйрутмалар келет. Адамдардын талабына жараша жасап беребиз. Согуштагы адамдардын образын, жыландарды, кош бойлуу аялдарды дагы жасап калабыз. Айрым учурда ажыдаар, крокодил, коркунучтуу адамдардын эстелигин жасайбыз. Болушунча окшош кылып жасоого аракеттенебиз. Өзүң жасанган эстелик айрым учурда өзүңө коркунучтуу сезилет. Кээ бир адамдар коркунучтуу эстеликтерди көргүсү келет. Атайын жасатып үйүнө алып барып коюшат», - деди ал.

М.Смаилов учурда Бириккен Араб мамлекеттерине дагы буйрутмалар менен барып келерин белгиледи. Анын бир айда 2,5 миң долларга чейин акча тапкан учурлары болгон.

«Мен 3 досум менен биргеликте иштейм. Учурда Бириккен Араб мамлекеттеринен, Түркиядан буйрутмалар келип жатат. Чоң-чоң эстеликтерди жасап келе жатабыз. Кошуна Казакстанга дагы барабыз. Мен ушул иш менен тиричилик өткөрүп жатам. Айына 2,5 миң доллар каражат тапкан учурлар болду. Айрым учурда күнүмдүк жашоого жетчү каражат таап калган учурлар дагы болот. Негизинен өнөрүң болсо жолдо калбайсың. Биздин жумуш аракетчиликти талап кылат. Ар бир иште кылдат болушуң керек. Эстелик жасоо чоң жоопкерчилик», - деди ал.

Кол өнөрчүлүгү менен жан баккан каарманыбыз 3-курста окуп жүргөн учурда макеттерди жасап унаа алган.

«Анда 3-курста окучумун. Ар кандай жаныбарлардын, адамдардын кичинекей макеттерин жасап, каражат таап унаа алгам. Студент адам унаа алат деген аз болчу. Кийин айылда жашап иштеп жүрдүм.

Чет өлкөгө чыгып кеткенде көп убакыт үйгө келбей калган учурлар болот. Эң аз жумуш 15 күндөн 20 күнгө чейин болот. Чоң жумуштар 1 айдан ашып кетет. Бирок сүйгөн жумушубузду үй-бүлөбүз дагы колдойт», - деп белгиледи ал.

Мыктыбек Смаилов 27 жашта, үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×