Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.01.2019 15:28 На русском

Тууганын көргөнү келип: Депутаттардын бири Жалал-Абаддагы түрмөгө баңгизат алып кирүүгө аракет кылып кармалды

Turmush -  Жалал-Абадда абакка баңгизат алып кирүүгө аракет кылган депутат кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №10 мекемеси менен Жалал-Абад милициясы абак жайына мыйзамсыз заттарга бөгөт коюу максатында биргеликте оперативдүү иш аракеттерди жүргүзүүдө. Анын натыйжасында, баңгизатын алып кирип бара жаткан жергиликтүү депутат кармалды.

«Декабрь айынын соңунда Ноокен районунун Арал айылынын тургуну, Арал айылдык кеңешинин депутаты, мурда соттолбогон 1976-жылы туулган Ө.А. Жалал-Абаддагы №10 жаза өтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан тууганын көрүү (жолугушуу) үчүн келген. Мекеменин кызматкерлери аны текшерүүгө алган учурунда өзү кийип жүргөн кийиминен кургатылган гашиш баңгизаты (башка бирөөгө берүү максатын көздөп кирип бара жаткан жеринен) табылган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иш козголгон. Кармалган адам 48 саатка Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө кызматы сотко аны 2 айга камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Жалал-Абад шаардык соту тергөө кызматынын өтүнүчүн жарым жартылай канааттандырып, аталган депутат үй камагына алынды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×