Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 05.01.2019 14:05 На русском

Өзгөчө ысымдар: Аттарын уккандарга бир нече жолу кайталаганга көнгөн Шаарван, Кыллан, Савринса, Алпейим (фото)

Turmush -  Базар-Коргондо Карача айылынын 57 жаштагы тургуну Савринса Сыргатаева ысымын уккандар маанисин да көп сурашат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Ысымымдын мааниси арабчадан которгондо сабр - сабырдуу, ниса - кыз деген маанини билдирет. Чындыгында эле мүнөзүм сабырдуу. Атымды айта албай эле «Сабринца, Сарбиназ» дей беришет. Менин ачуум келет. Илгери жаш кезде Фрунзе шаарына окуп жүргөндө түндүктүк досторум айта албай кагазга жаздырып алып кайталап окуп үйрөнүшкөн. Нарындык досторум «атыңды кагазга жазып тааныш» деп күлүшчү эле. Түндүктө менин атым такыр жок, түштүк жергесинде көп учурайт. Фейсбукта бир жаш досум аты эсимде жок «кыздуу болсом сиздин атыңызды коём» деди», - деди Савринса айым.

Кадамжай районунун 25 жаштагы тургуну Кыллан Кенжебаевдин да ысымын чоң атасы койгон. Маанисин кичине убагында айтып бергенин, бирок унутуп калганын айтат.

«Чоң атамдын Кыллан аттуу агасы чоң молдо болгон экен. Мүмкүн ошонун атына койгондур. Кичинемде ысымыма маани деле бербептирмин. Чөйрөдөгүлөрүм деле көнүп калышкан эле. Чоңойгон сайын чөйрөм алмашканда атымды өзгөрткүм келди. Жаңы таанышканда атымды сөзсүз кайра сурашат. Азыр эми сурай электе эле 2 жолу өзүм кайталап коем. Кээ бирлер үчүн илгерки ысым болуп угулат», - деди Кыллан мырза.

Ал эми Кара-Таш айылынын тургундары эже-сиңдилер Таалайбек кызы Шаарван менен Таалайбек кызы Алпейимдин да атын уккандар кайра сурашат. Шаарван учурда медициналык академияда 6-курста окуса, Алпейим 10-класстын окуучусу. Шаарвандын ысымын чоң атасы койсо, Алпейимдин атын өз атасы ыйгарган.

Шаарван ысымынын маанисин азыркыга чейин билбей тургандыгын айтты.

«Чоң атам «кайсы уулум кыздуу болсо атын чоң энемдин ысмына Шаарван деп коем» деп ниет кылган экен. Кичинемде тентек балдар «Шаарван шарик» дешсе арданып ыйлачумун. Бирок чоң атамдын да билгени бардыр деп өзгөртпөдүм. Бир классташым атым коюлган Шаарван чоң энемдин кошунасы эле. Сабакка барбай калып, менден тапшырма сурайм деп, Шаарван чоң энеме чалып алып, «тапшырма бердиби?» деп сурай бериптир. Чоң энем сүйлөсө «эмне тамашалашып жатасың?» деп коюп дагы сурай бериптир. Дагы бир ирет чоң энем биздин эшиктин алдынан өтүп бара жатса апам мени «Шаарван желмогуз» деп кыйкырып урушуп жатыптыр. Апам караса эле чоң апам таң калып туруптур. Кечирим сурап, мени урушканын айтып араң түшүндүргөн экен», - деди ал.

Алпейимдин айтымында, ысымынын мааниси бардык жакшы пейилдердин жыйындысы дегенди түшүндүрөт. Алгач таанышканда баары Айпери деп алмаштырып угуп алышат.

«Орто мектептен гимназияга тапшырып жатканда «ушундай да ысым барбы?» деп таң калышкан. Атам бирөөдөн угуп койгон экен. Атымды эч качан өзгөртпөйм», - деди Алпейим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×