Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 02.01.2019 13:14 На русском

Тагдыр: 21 жаштагы Бегимай дарыгердин сөзүнө карабай, 3 операциядан кийин кайра бутуна туруп, билим алууда (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкен айылынын 21 жаштагы тургуну Дөөлөтбек кызы Бегимай жашоосундагы кыйынчылыктарга карабай, өз максатына умтулуп, учурда программист адистиги боюнча билим алууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 4-классында таяк менен акырындан баса баштаган.

«Мен кечирээк, тактап айтканда 2 жашымда баса баштаптырмын. Ошондо ата-энем кабатырланышып, дарыгерлерге көрсөтүшсө, алар: «бир буту экинчисинен кыска экен жана кальций жетишсиз» деп айтышыптыр. Атайын жасалган ортопедиялык бут кийим кийдим, кальцийдин ар кандай түрүн ичтим. Кийин арка омурткалардын сколиозу (сколиоз позвоночника и несовершенный остеогенез) деген диагноз коюшту. 8-9 жашымда бир дарыгерге бардык, ал көрүп бүткөндөн кийин «тилекке каршы кызыңыз ушул бойдон калат, айыктырууга болбойт» деп айтты. Ошондо апамдын ыйлаганын биринчи жолу көрүп, аябай жаман болгом. Дарыгердин айткан сөзүнө макул болбой, ата-энем мени айыктырып алабыз деп дагы көп дарыгерлерге, жада калса табыптарга чейин алып барышты, бирок жыйынтык болгон жок. 4-классымда кыйналып, бир таяк менен баса баштадым», - деди ал.

Анын айтымында, 2011-жыл анын үй-бүлөсү үчүн өзгөчө оор жыл болгон.

«2011-жылы тайгаланып кетип, бутумду сындырып алдым. Бишкектеги ооруканага бардык, дарыгерлер операция кылабыз дешти. Буга чейин операция болгон эмесмин. Макул болуп, операция ийгиликтүү өттү. Андан кийин бутума туруп басыш мен үчүн оор болду. Балдак менен бутума туруп басканга аракет кыла баштадым, бирок тиземди бүгө алган жокмун. Ошондо ызаланып ыйлап, ушул бойдон баспай калчудай болдум. Бирок ата-энемдин жана бир туугандарымдын жардамы менен кайра бутума туруп баса баштады. Андан кийин дагы эки жолу операция болдум. Адам аракет кылса колунан баары келет экен. Мен 3 операциядан кийин кайра бутума турууга аракет кылып, акырындык менен аны ишке ашырып келе жатам», - дейт ал.

Ошондой эле ал учурда билим алып, программист адистиги бюнча окуп жатканын кошумчалады.

«Бишкекте эки жакка чыкканда арабага отуруп алам, анткени алыска баса албайм. Биринчи жолу араба менен чыкканда өтүп бара жаткан бир эже акча сунганда жаман болуп кеткем. Кээ бир адамдардын ушундай мамилеси жакпайт. Бул мага катуу тиет. Биз көчөгө кайыр сураш үчүн эмес, сейилдеш үчүн чыгабыз да. Эгер жардам бергилери келсе, муктаж адамдарга беришсе дейт элем.

Мен башка балдардан айырмаланып боюм кичине болгондуктан 8 жашымда мектепке бардым. 9-класска чейин окудум. Айылымдын мугалимдерине ыраазымын. Мени башка балдардан бөлбөй, бирдей мамиле кылып билим беришти. Классташтарым болсо дайыма жардам бергенге даяр болуп жанымда болушчу. Мектепти бүткөндөн кийин кирпик өстүрүү боюнча атайын курстан окудум. Андан кийин бир аз иштедим. ASE программасы боюнча социалдык ишкерликти окуп бүттүм. Учурда IT Academy окуу жайында программист кесибин үйрөнүп жатам. Бош убактымда китеп окуйм жана кино көрөм, досторум менен баарлашам. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз, мен эң кичүүсүмүн. Мени колдоп, акыл насааттарын айтып турушат. Келечекте чоң программисттердин катарын толуктап жана команда чогултсам дейм. Мындан тышкары, дүйнө кыдырып, саякаттагым келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×