Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуНоокен району 01.01.2019 19:22

Жаңы жыл түнү Жалал-Абадда 2 өрт чыкты (сүрөт)

Turmush -  Жаңы жыл түнү Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталды. Адамдар жабыркаган жок, деп билдирди ӨКМдин аймактагы бөлүмү.

Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында 2 кабаттуу сарайдын чатыры, 530 түп тоют чөп, жүгөрүнүн 1100 боосу күйгөн. Учурда себеби такталып жатат.

Экинчи өрт кырсыгы Тогуз-Торо районунда жайгашкан турак үйдө чыккан. Үйдүн 2 бөлмөсү, 36 чарчы метр аянты күйүп кетти.

Ошондой эле куткаруучулар Ноокен районунда бекилип калган эшикти ачып беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×