Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусуАксы району 01.01.2019 15:10 На русском

Аксыдагы жол кырсыктан 22 жаштагы жигит каза болду

Turmush -  Жалал-Абаддагы Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жол кырсык болуп, 22 жаштагы жигиттин өмүрү кыйылды. Аймактык оорукананын кызматкерлери аймактык кабарчыга окуя 31-декабрга караган түнү болгонун билдиришти.

"Чакыруу болуп, биз окуя болгон жерге барганыбызда адамдар топтолуп калган экен. Биз барган кезде 22 жаштагы М. уулу Ж. каза болгонун билдик. Аймактык милиция кызматкерлерин чакыртып, экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин сөөктү райондун борбору болгон Кербен шаарындагы өлүк сактоочу жайга алып жөнөдүк", - деди тез жардам кызматынын фельдшери Адина Жаманаева.

Кийинчерээк аймактагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери ошол эле айылдын 1996-жылы туулган тургуну каза болгонун тастыктады. Учурда тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×