Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуСузак району 31.12.2018 10:30 Жаңыланды: 31.12.2018 12:13

Сузактын борборундагы балаты өрттөндү (видео)

Turmush -  Жаңы жылга карата Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орнотулган балаты күйүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр «Репортерго» билдирген.


Кийинчерээк Turmush басылмасынын кабарчысы өрткө байланыштуу маалыматтарды тактады. Райондун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Алманбет Карабековдун айтымында, райондун борбордук аянтындагы балаты 30-декабрда таңкы саат 5:30 чамасында өрттөнүп, жарымы күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр убагында барып, өрттү өчүрүүгө жетишип калышты. Бийиктиги 8 метр болгон арчанын 6 метри жабыркаган.

Учурда өрттүн себебин тактап жатышат. Ал эми балатынын күйгөн бир тарабы кайрадан жасалгаланды.

Сузак районунун акиминин орун басары Лола Абибова балаты калыбына келтирилип, кечки майрамдык концертке даярдыктар жүрүп жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×