Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 29.12.2018 20:58

Базар-коргондук аял 2 баласы менен салатка ууланып, ооруканага түштү

Turmush -  Базар-Коргон районунда 3 адам ботулизмге чалдыгып, ооруканага түштү. Аймактык кабарчы ооруканадан тактаган маалымат боюнча, тамакка уулангандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

"Мындан 2 күн мурун, тактап айтканда 27-декабрда бир бейтап бизге кайрылган. Биздин кызматкерлер эмне менен тамактанганын жана окуя боюнча сураганда бейтаптын жакындары жашырып коюшкан. Эки күндөн кийин дагы эки бейтап келип жатты. Учурда 2 жаштагы бала, анын агасы жана апасы дарыланып, вакциналар сайылып жатат. Бүгүн облусук ооруканадан дарыгерлер келип, консультация беришти. Азыркы тапта алардын абалдары оор туруктуу", - деди Базар-Коргон аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Батырбек Субанкулов.

Мындан сырткары ал ботулизмге чалдыккан үч бейтап жайында үй шартында жасалган салаттан ууланганын кошумчалады.

Ботулизм тамак-аш даярдоодо, ташууда, сактоодо жана бышырууда санитардык-гигиеналык эрежелерди, жашылчаларды, жер-жемиштерди үй шартында консервалоодо технологиялык талапты сактабагандыктан келип чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×