Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Жалал-Абад облусуАксы району 29.12.2018 13:20

Аксыда жаштар социалдык көйгөйлөрдү тамаша аркылуу чагылдырышты (фото)

Turmush -  Аксы районунун Үч-Коргон айылында алгачкы жолу жаштар арасында Тамашоу оюну өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, оюнга жалпысынан төрт команда катышып, күч сынашты.

«Буга чейин биздин айылда мындай оюндар болгон эмес, ал эми жаңы жыл майрамын утурлай айыл өкмөттөгү 7 мектепке кат жолдогонбуз, анын ичинен 4 команда катышып, күч сынашты. Оюнду өткөрүүнү «Таза Үч-Коргон» тазалык ишканасы демилгелеп, айыл өкмөт каражат жагынан колдоо көрсөттүк. Жалпысынан мектеп окуучуларынын арасындагы оюнду өткөрүүгө жергиликтүү казынадан 16 миң сом бөлүндү. Мындай иш-чаралар жаштар арасындагы достукту бекемдөө, өнөрлүү жаштарды колдоо, тамаша аркылуу социалдык көйгөйлөрдү чагылдыруу максатында өткөрүлдү», - деди Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Мураталиев.

Мындан сырткары, ал айылдан курама команда түптөп, райондук жана облустук масштабдагы оюндарга катышарын кошумчалады. Үч-Коргон айыл өкмөтү боюнча 18 миңге чукул калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×