Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 27.12.2018 12:26 Жаңыланды: 27.12.2018 16:15

Тагдыр: Аксылык жаш эне Москвада 8 айлык кызынын өмүрү үчүн күрөшүүдө (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кара-Жыгач айылынын 25 жаштагы тургуну Эльвира Сааталиева төрөлгөндөн бери ооруга чалдыккан 8 айлык кызы Муслиманын ден соолугу үчүн күрөшүп келет.

Э.Сааталиева аймактык кабарчыга билдиргендей, анын 2,5 жаштагы жана 8 айлык эки кызы бар.

«Кызым Муслима дем алуусу начар болуп төрөлдү. 5 күн ооруканада жаттык, рентген менен текшергенде таза чыккан. Бир аз убакыт өткөн соң, кырылдаган үнү күчөп кетти. Бир ай болгондо операция жасаттык. Москва шарына алып барсак 2-3 күн өтпөй ооруп, өңү бозоруп, эмчек эме албай койду. Тез жардам чакырып, ооруканага бардык. Дарыгерлер трахеостома деген диагноз коюшту. Тамагында өскөн кичинекей эт же сөл дем алуусуна тоскоол болуп жатканын айтышты. Операция кылып, тамагына түтүк коюшту. Азыр ошол аркылуу дем алат, түтүктү ай сайын алмаштырып туруу керек экен. Каражатыбыз жетпегендиктен түтүгүн бир жолу гана алмаштырганбыз. Мындан улам ириңи күчөп, кан аралаш ириң чыгып жатат. Ооруканага жаткыралы десек, 2 күндүн кароосуна 84600 рубль керек. Дарыгерлер операция жасалышы мүмкүн экенин айтып жатышат. Ага 100 миң сомдон ашуун каражат керек болууда. Жолдошумдун айлык маянасы тамак ашка жана кызымды дары-дармегине кетүүдө.

Эми түтүктөрдү 6 ай, ашып кетсе 1 же 2 жылда алдырыш керек экен, андан эрте алса дем алалбай кыйналышы мүмкүн экен. Түтүк алынгандан кийин кызым өз алдынча дем алалабы жокпу билинет. Аны текшертип, толугу менен дарылоого болжол менен 190 миң рубль керек болууда. Бизде мындай каражат топтой албай жатканыбызга байланыштуу кайрымдуу адамдардан жардам сурайбыз», - деди ал.

Сбербанк: Сааталиева Эльвира Эргешбаевна 5469380051258886.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×