Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Жалал-Абад облусуАксы району 26.12.2018 14:41 На русском

Аксыда мал уурдап жүргөн Өзбекстандын эки жараны 20 жана 9 жылга камалган

Turmush -  Аксы районунун Жерге-Тал айылында 2013-2014-жылдарда мал уурулук боюнча 15 фактынын бети ачылган. Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурулук) менен кылмыш иштери козголуп, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алдын ала алынган маалыматтардын негизинде 2014-жылы 13-декабрга караган түнү Жерге-Тал айылынын Кызыл-Капчыгай участкасынын тургуну Даникулов Равшанбектин 4 баш жылкыларын уурдап бараткан жеринен Өзбекстандын Наманган облусунун Янги-Курган районунун Нанай айылынын 1991-жылы туулган туулган тургуну М.Мирзахмат кармалган. Анын жалпы 21 мал уурулук фактысына катыштыгы бар экени далилденип, тергөө иштери жүргөн соң соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттун чечими менен ал 20 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартипте абакта өтөөгө сот тарабынан өкүм чыгып, камакка алынган.

Ал эми М.Мирзахмат кармалган учурда жанындагы 2 шериги — Өзбекстандын Наманган облусунун Янги-Курган районунун 1993-жылы туулган тургуну А.К. жана 1993-жылы туулган А.У. ат менен качып, Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Алар кармала элек.

Жогорудагы 15 мал уурулук фактысы боюнча уурдалган мал Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Мал ээлерине келтирилген чыгым кайтарылып берилбегендиктен эл арасында нааразычылыктар болгон.

Уурдалган мал Өзбекстандын Янги-Курган районунун Нанай айылы тарапка чек арадан өтүп кеткендиги аныкталган болчу. Ал эми 2018-жылы Жерге-Тал айылында төмөндөгү мал уурулуктар болгон.

1. 2018-жылдын 23-мартына караган түнү Жерге-Тал айылынын 1965-жылы туулган тургуну Хасанов Эргешалынын сарайынан 3 баш уй, 1 баш атын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткен.

2. 2018-жылы 23-мартка караган түнү Жерге-Тал айылынын 1961-жылы туулган тургуну Канаев Дүйшөналынын сарайынан 2 баш уйларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткен.

3. 2018-жылы -23-мартка караган түнү Жерге-Тал айылынын Ак-Сай участкасынын 1972-жылы туулган тургуну Эралиев Абдырашиддин сарайынан 4 баш уйду белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткен.

Жогоруда аталган 3 мал уурулук факты боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада 2018-жылдын 12-апрелинде саат 04:00 чамасында Аксы районунун Кош-Дөбө айылынан Өзбекстандын Наманган облусунун Янги-Курган районунун Калишах айылынын 1987-жылы туулган тургуну Н.Акрамхон 2 баш атты уурдап бараткан жеринен кармалган. Ал эми анын шериги — Наманган облусунун Чартак районунун Богистан айылынын 1982-жылы туулган тургуну И.И. Өзбекстандын аймагына чек ара аркылуу качып өтүп кеткен. Н.Акрамхон жогорудагы 3 мал уурулук фактысын жасагандыгын толук мойнуна алып, иш далилденген. Тергөө иштери бүткөн соң иш соттук кароого жөнөтүлүп, ал 9 жылга эркинен ажыратылган.

2018-жылдын 18-майында Жерге-Тал айылынын Кызыл-Капчыгай участкасынын 1971-жылы туулган тургуну Абдыраимов Даниярдын Кара-Дөбө жайлоосунда жүргөн 1 баш уйун, 1968-жылы туулган Зыябеков Рысбектин 1 баш торпогун белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткен. Козголгон кылмыш ишинин негизинде аталган мал уурулукту жасаган Кызыл-Капчыгай айылынын 1974-жылы туулган тургуну А.Б кармалган. Анын күнөөсү толук далилденип, иш тергелип бүткөн соң, соттук кароого жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында сотто жабырлануучу тарап доосу жок экенин билдирип, өз ара келишип, тосмо арызынын негизинде кылмыш иши кыскартылган.

2018-жылдын 22-сентябрында Жерге-Тал айылынын 1982-жылы туулган тургуну Бердалиева Нуризанын 1 баш уйу Жерге-Тал айылынын Карышкыр-Сай жайытында жүргөн жеринен жоголуп кеткен.

2018-жылдын 22-сентябрында Жерге-Тал айылынын Боспиек участкасынын 1980-жылы туулган Кайкиева Тотукандын 3 баш уйу Жерге-Тал айылынын Карышкыр-Сай жайытында жүргөн жеринен жоголгон.

2018-жылдын 22-сентябрында Жерге-Тал айылынын Боспиек участкасынын 1963-жылы туулган тургуну Арзыкулова Кундузайдын 4 баш уйлары айылдын Карышкыр-Сай жайытында жүргөн жеринен жоголуп кеткен.

Жогорудагы 3 мал уурулук фактынын бетин ачуу боюнча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 3 жабырлануучунун 8 баш малы Аксы районунун Жерге-Тал айылынын Карышкыр-Сай жайытынан уурдалган. Аталган жайыт Өзбекстан менен чектешкен чек арага жакын жана жогоруда аталгандай мурда да ошол айылдардан Өзбекстандын жарандары мал уурдаган фактылар болгон. Алынган маалыматтар боюнча аталган кылмыштарга шектүү катары Өзбекстандын Наманган облусунун Янги Курган районунун Нанай айылынын 4 тургуну такталып, коңшу мамлекеттин тийиштүү органдары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

2013-жылдан азыркы убакка чейин Жерге-Тал айыл аймагында жалпы 29 мал уурулук фактысы катталып, 19 фактынын бети ачылган, дагы 10 кылмыштын бети ачыла элек. Жалпы 53 баш уй, 19 баш жылкы, 43 баш кой уурдалган. Уурдалган малдардын 19%ы кайтарылган.

Аксы районунда ошол мал уурулуктарынын кайтарымдуулугун жогорулатуу максатында, Өзбекстандын ички иштер органдары менен Жалал-Абад ОИИБ эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 19-декабрда ОИИБдин жана Аксы РИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери жумушчу сапары менен Өзбекстанга кеткен.

Аксы районунун Жерге-Тал айылында 8000ден ашуун калк жашайт, Өзбек Республикасы менен 5,7 км чектеш жайгашкан жана тактала элек аймак экендигине байланыштуу тосулган эмес.
Ошондуктан аталган айылда мал уурулуктардын дээрлик бардыгы чек арага чектеш аймакта уурдалып жана мал уруулукту жасаган атуулдар да өзбек жарандары экендиги такталды. Буга чейин Жерге-Тал айылынын тургундарынын билдирүүсүү интернетке чыгаары менен Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги көзөмөлгө алуу менен кошумча иликтөө жумушчу тобу түзүлүп, аймактагы калк менен жеринде териштирүү иштерин колго алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×