Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Жалал-Абад облусуСузак району 26.12.2018 12:10

Сузактын Кара-Чолок айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Сузак районунун Кара-Чолок айылында заманбап шартта курулган мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын ачылышына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жашоочулар катышты.

№54 Ысмайыл атындагы мектеп 1938-жылы курулган. Анын эскилиги жеткендигине байланыштуу имарат 2012-жылы окууга жараксыз деп табылган. Мектептин чатырынан суу өтсө да билим алууну улантып келишкен.

Мектептин курулушуна 34 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 16 млн сомдук жумуш аткарылган. Калган каражатка ашкана жана башка жайлары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Жаңы мектеп 192 орунга ылайыкташкан. Учурда 300гө чукул окуучуга 25 мугалим билим берүүдө.

Сузак районунда жалпы 114 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
37.12% (268)
«Бакай Банк»
32.55% (235)
«Капитал Банк»
10.66% (77)
...
Всего голосов: 722
×