Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 25.12.2018 21:04

Токтогулда 12 мектептин окуучулары футбол мелдешине түштү (фото)

Turmush -  Токтогул районунда 12 мектептин окуучуларынын арасында футбол боюнча ынтымак оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш жол кырсыктарын жана окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ЖКККБнын кызматкерлери жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан уюштурулду.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Жаңы-Жол айылындагы Умаров атындагы орто мектебинин окуучулары ээлешти. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана кубок тапшырылып, окуучуларга ысык тамактар уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×